Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

МУРАТАЛЫ АЖЫ ЖУМАН УУЛУ: «РАМАЗАН АЙЫ УЛУУ КАСИЕТТЕРГЕ ЭЭ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 26-октябрда улуу Рамазан айы башталды. Ушул Рамазан айынын алгачкы күнүн жалпы мусулмандар ооз бекитип, орозо кармоо менен башташат. Ал эми орозо кармоодон кимдер бошотулат, анын кармоо тартиби жана жалпы эле Рамазан айынын касиеттери тууралуу Кыргызстан Мусулмандар башкармалыгынын азирети муфтийи Мураталы ажы Жумановду кепке тарткан элек.

- Азирети муфтий, мына быйылкы Рамазан айы дагы келип калды. Ушул Рамазан айынын касиеттери тууралуу айтып берсеңиз?

- Урматтуу мусулмандар, мен бүт Кыргызстан мусулмандарынын атынан, муфтий жамаатынын атынан, эң биринчиден баарыңыздарды келе жаткан Рамазан айы менен чын дилимден куттуктаймын. Атабыз Адам Аллейсалам Алла-Тааладан сураган экен: «Күндөрдүн жакшысы кайсы күн?» дегенде, күндөрдүн жакшысы - жума күнү экен. Жума күнүндө Алла-Таала пенделердин күнөөсүн кечирет экен. Адам Аллейсалам сураптыр: «Алла, айлардын жакшысы кайсы ай?» дегенде: «Айлардын жакшысы - бул Рамазан айы” дейт. Рамазан айында күнөөкөр пендеге Алла-Таала махфират менен карайт. Алла-Таала “адамдын күнөөсүн Рамазан айы келгенде кечирип турам” деген убадасы бар. Ошондуктан бул эң чоң касиеттүү ай болгон себеби ушул. Алла-Таала Куранда «Эй, ыйман келтирген момундар, пенделер, силерден мурдагыларга парз кылгандай эле силерге да Рамазан айында орозо кармоону парз кылдым» деп буйрук кылат. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз «кимде-ким бул айды кубанычтуу, сүйүнүчтүү абалда туруп тосуп алган болсо, ошол кубанып, сүйүнгөндүгү үчүн Алла-Таала ошол адамдын денесине тозок отун арам кылат жана ал адамды тозоктон сактайт» деген.

- Азирети муфтий, мына бүгүнкү күндө Кыргызстандагы бардык эле адамдар Рамазан айында орозо кармаганга мүмкүнчүлүгү жок. Кандай учурда, шартта орозо кармабай койсо болот?

- Албетте, эң туура суроо. Шарият төмөндөгү адамдарга орозо кармабай коюуга уруксат берет. Биринчиси, «шайх фаани» дейт, «шайх фаани» дегени - жашы өтө эле улуу, карып калган адамдар. «Ал адамдар деле жатып албастан, орозо күндөрдө орозо-битирдин баасынчалык тамакты колунда жок адамдарга берип турсун» дейт. Экинчиси - ден-соолугу начар адамдар. Мисалы, табыптар, азыркы күндүн тилинде врачтар «сиз орозо кармасаңыз кыйналып калат экенсиз», же «тез-тез тамак жеп туруңуз» деп чечим чыгарып берген оорукчан адамдар орозо кармабай коюуга шарият уруксат берет. Үчүнчүсү - мусаапыр адам. Мусаапыр деген узак сапарга чыккан адам. Сапары өтө машакаттуу, кыйын болуп кала турган болсо, ал адамдар да орозо кармабай койсо болот. Дагы кийинкиси - аял кишиге тиешелүү маселе. Аял киши боюнда болсо, же бала эмизген болсо, же этек кири келген учурларда алар орозо кармабайт, шарият уруксат берет. Ушул жогорулардын бардыгы себептүү иштерден кутулгандан кийин бир күнгө бир күн карыз кылып, орозосун кайрадан тута берет.

- Биз жаш кезибизде карыган энелерибиз, чоң аталарыбыз күн баткандан кийин буудай менен тарууну жерге чачканда, ал көрүнбөй, айрымаланбай калганда ооз аччу дагы, эртең менен сары жылдыз чыккан учурда ооз бекитчү эле. Ал эми бүгүнкү күндө саат боюнча ооз ачып, ооз бекиткен учурда негедир күүгүм кире электе, эртең менен эрте өтө караңгыда ооз бекилип, ооз ачылып атат да. Ушул тууралуу да айтып берсеңиз.

- Орозодо 3 парз бар. Ошолордун биринде «мен таң жүргөн убакыттан баштап күн батканга чейин калыс Алланын ыраазылыгы үчүн орозо кармадым» деп ниет кылуу керек. Экинчиси - жештен, ичиштен өзүн токтотуу. Ал эми үчүнчүсү - ошолордун аралыгында аял менен жыныстык мамиле кылуудан өзүн токтотуу. Эми таң жүргөн убакыт, бул кайсы убакыт болот? «Муктасар» китебинде, шариятта көрсөтүлөт, азыркы сааттын эсебинде бештерге жакын күн чыгыш тараптан бир жарык пайда болот. Ошол жарык туура таң деген сөз. Ошол таң жүргөн убакытка чейин жеп-ичип, оозун бекитүү керек. Ошол убакыттан баштап күн батканга чейинки аралыкта ошол тартиптерди сактайт. Ал эми кечкисин күн баткандан кийин караңгы түшпөй тура берсе, ал күн батканы эсептелет, ооз ачса, ал адам күнөөкөр болбойт.

- Айрым адамдар азыр иши аябай көп болуп, чарчап, эртең менен уктап калган учурлар болот. Анан кечинде үйүнө жеткичекти күн батып, ооз ача турган убакыт болуп кетет. Мына ушул учурларда оозду кантип бекитиш керек, анан кечинде үйгө жете элек болсо кантип ачыш керек?

- Биринчиси - ооз бекиткен убакытта Пайгамбарыбыздын айткан сөздөрү бар: «Силер машакат болуп, күндүн ысык-суугуна карабай уйкуңарды бузуп, эрең мененки тамакты жеп, анан кийин ооз бекитип, ниет кылгыла. Ошол машакаттанып, кыйналганыңар Аллага керек, ошол сооп болот» деп айтылат. Эми кайсы бир адам «кечкурун жакшы тоюп алып, эртең менен турбай эле коёюн» деген ниетте жатса - бул туура эмес. Туруш керек. Ал эми кээ бир адамдар уктап калган болсо, кайсыл убакыттан тургандан баштап ниет кылып коюш керек. «Мен таң сүргөндөн күн батканга чейин ниет кылдым» деп жебей-ичпей туруп, дубасын окуп, улантып кете бериш керек. Экинчиси - ооз ачаар убакытка үйүнө жете албай калса, же бир «ооз ачтырам» деп чакырган адамдын үйүнө жете албай калса, жолдо, көчөдө, кайсы жерде болсо дагы мүмкүнчүлүгү болушунча ниет кылып нан таап, же суу менен оозун ачып алса жакшы болот. Мүмкүн болсо орозону кеч киргенде кечиктирбей ачыш керек. «Ачам да» деп көңүл бурбай коюш туура эмес. «Ооз ачаар убакта кандай ниет, максат, дуба кылса, бардыгын кайтарбастан кабыл кыламын» деген Алланын убадасы бар. Айрыкча бизге эң сооп убакыт - ооз ачаар убакыт. Ооз ачаар убакытта дасторконду жайып алып, 5-10 мүнөт дасторкондун четине бала-бакырасы менен отуруп, күтүп олтурушунун өзү - бул жаткан бир чоң сооп, жетимиш миң парданы ачып таштайт экен.

- Азирети муфтий, орозонун касиетин айтып, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG