Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

БАГДАДДА КАПЫСТАН ЖАРДЫРУУЛАР КҮЧӨӨДӨ


Аманбек Дилденбай, Прага Багдадда ракеталык атуудан жана миналардын жарылуусунан АКШнын аскер кызматындагылар, келишим менен иштеп жаткандар жана жергиликтүү тургундар жапа чегүүдө. Дүйшөмбүнүн таңындагы жардырууда да бир нече адам набыт болуп, жыйырмадан ашуун адам жараат алды.

Дүйшөмбүдө Багдаддын борбордук көчөлөрүндө бир нече жардыруу болду. Эл аралык Кызыл Чырым коомунун өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын жанына “тез жардам” автоунаасын айдаган жан кечти мина жардырып, жакын арадагы ирактык үч адам набыт болуп, жыйырмага жакын адам жараат алды. Өкүлчүлүктүн имаратына олуттуу зыян келтирилди.
Бригада генералы Марк Хертинг окуя болгон жерден буларды билдирди:

- Жардыргыч зат салынган автоунаа Кызыл Чырым жайгашкан имаратка жакын келүүгө аракет кылды. Аны Ирактын коопсуздук күчтөрү жана полициясы алдын тосуп токтотоордо, автоунаадагы жан кечти өзүн-өзү жардырып жиберди.

Бир нече минут өткөндөн кийин өнөр жай министрлигинин жанында жардыруу кайталанды. Полиция бекетинин жанында да эки жардыруу болду.
Ал эми жекшембиде Багдаддагы катуу көзөмөлгө алынган “Рашид” мейманканасына куралдуу кол салуу болуп, андан соң ал ракеталык аткылоого алынган. Ракетанын жарылуусунан АКШ армиясынын бир полковниги набыт болуп, 15тей адам жараат алды. Ал мейманканада АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Вулфовиц да бар эле, бирок ал жабыркаган жок. Вулфовиц мындай карасанатай кол салууга карабастан, Кошмо Штаттары Иракты кайра куруу нийетинен баш тартпайт деп билдирди. Ал жардыруудан кийин берген интервьюсунда мындай деп айтты:

- Иракта туруксуздаштырууну көксөгөн кылмышкерлер бул өлкөнү 35 жыл эзип келишти. Биз алардын массалык зомбулук дооруна чекит койдук. Бул жерде Ирактын эркиндигин, жаңыланууну кабыл албаган адамдар да бар. Биз алардын артынан түшөбүз.

Ирактагы ар кандай жардыруулар, капыстан кол салуулар акыркы мезгилде байма-бай кайталанып жатканын АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл да Эн-Си-Си телеканалына берген интервьюсунда тастыктады. Ал: “Вашингтон мындай каршылык көрсөтүү узакка созулат деп күткөн эмес”, - деп мойнуна алды.

Багдаддагы Эл аралык Кызыл Чырым коомунун жанындагы жардыруунун себептерин жеринде териштирип чыккан Ирактагы башкаруу кеңешинин ички иштер министринин орун басары Ахмед Ибрагим: “Бул куралдуу кол салуулардын жана жардыруулардын артында Саддам Хусейин турат, ал Иракта болгон каргашаларга себепкер”, - деп, дүйшөмбүдө билдирди.

Айтмакчы, ирактык мусулмандардын бир даары рамазан айынын башталышын жекшембиде белгилесе, калганы үчүн орозо ай дүйшөмбүдө башталууда. Бул жагдай да ирактыктардын коомунун азыркы жиктелген турумун кошумча сыпаттап турат. Серепчилердин айтымында, рамазан айы өлкөдө кооптуу болчудай.

XS
SM
MD
LG