Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

ИРАН ӨЗӨКТҮК ДОЛБООР БОЮНЧА ӨЗ УБАДАСЫНА ТУРАБЫ?


Айнура ЖЕКШЕ кызы, Прага шаары Мындан бир жумадай мурун Иран уранды байытууну убактылуу токтотоорун убада кылган эле. Тегерандын мындай кадамы эл аралык коомчулукта кубаттоо менен, ошол эле мезгилде этият кабыл алынган эле. Ишенбөөчүлүккө негиз бар экенин далилдегенсип, дүйшөмбүдө өлкөнүн тышкы иштер министрлиги конкреттүү чараларга бараардан алдын өкмөт дагы бир ирет өз кадамын жакшы ойлонуштуруусу керектигин эскертти.

Иран Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик менен кызматташуу жөнүндө Евробиримдиктин лидерлерине берген сөзүнөн баш тартканы турат шекилдүү. Өткөн шейшембиде Британия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери өзөктүк куралды жасоого алып келе турган иш-чараларын токтотуу жөнүндө МАГАТЭнин талаптарына баш ийүүгө Тегеранды көнтүрө алган эле. Эң негизгиси - уранды байытууну убактылуу токтотуу жөнүндө убадага жетишилген.

Бирок бир апта өтпөй Тегеран өз убадасын кайра карап чыгуу жөнүндө ишаара кыла баштады. Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хамид Реза Азефи Батыш кабарчыларына уранды байытууну убактылуу токтотуунун оош-кыйыштары кандай болоорун Иран өкмөтү жакшылап талкуулаш керек деп билдирди.

Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө толук маалымат берилиши керек деп МАГАТЭ белгилеген мөөнөт соңуна чыгып келатканын эске алсак, Тегерандын мындай арсар болушу таң калтырат. 31-октябрга чейин Иран жетекчилиги өлкөнүн өзөктүк тармактагы иш-чаралары тынчтык максатын көздөй турганын далилдеши керек. Андай болбогондо, маселе БУУнун Коопсуздук Кеңешинде козголушу ыктымал. Ал, өз кезегинде, Тегеранга каршы санкцияларга алып келиши ажеп эмес.

Ирандын өзөктүк курал жасоо боюнча тымызын программасы бар деген шектенүүлөрдөн келип чыккан эл аралык кризистин чордонунда дал ошол уранды байытуу маселеси турат. Анткени бул аракеттер “жашыруун түрдө өзөктүк бомба да жасалып жүрбөсүн” деген санаркоолорду туудурууга негиз берет.

Быйыл жайында эл аралык инспекторлор Натанц станциясында тапкан урандын калдыктары 20 пайызга байытылганы белгилүү болду. Бул коммерциялык максатта иштелип чыкчу күйүүчү зат үчүн зарыл болгон деңгээлден 2-3 пайызга көптүк кылат. Тегеран жабдыктарга алар импорттолгон өлкөдөн эле уран жугузулган деп, айыптоолорду четке каккан эле.
Өзөктүк иликтөөлөр боюнча эксперт Чарльз Фергюсон 20 пайызга байытлыган уран өтө жөнөкөй өзөктүк механизмди курууга жетиштүү дейт:

- 20 пайыз - “аз байытылган жана жогору байытылган уран” деген чектин так ортосу болуп эсептелет. 20 пайызга байытылган уран-235тин 800 килограммы менен өзөктүк бомба жасаса болот. Байытуу канчалык жогорулаган сайын, бомба үчүн ошончолук азыраак уран талап кылынат.

Жеңил салмактуу бомба үчүн 90 пайызга байытылган уранды пайдаланса болот. Ирандын өзөктүк долбоорун сындагандар Тегеран дал ошондой заманбап бомба чыгарууну көздөп жатат дешүүдө. Айрым эксперттердин эсебинде, дагы жети-тогуз жылдан кийин Ирандын өзүнүн өзөктүк бомбасына ээ болууга кудурети жетет.

Иран өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимге кол койгон. Ага ылайык, Тегерандын реактор курууга, уранды байытуу аркылуу реакторлор үчүн күйүүчү май иштеп чыгууга укугу бар. Бирок мындай жараян, ошол эле келишимге ылайык, МАГАТЭнин инспекторлорунун көзөмөлү алдында жүргүзүүлүүгө тийиш. Бул үчүн Тегеран уранды байытуу иштери тууралуу эл аралык мекемени алдын ала кабардар кылып туруш керек. Натанц станциясындагы урандын калдыктары Иран келишимди бузган деген шек саноого негиз берди.

Эмнеси болсо да, бул кризистин чечилүүсү күтүлгөн датага саналуу гана күн калды. Окуялар мындан ары кандай нукта өнүгөөрүнө 31-октябрдан кийин күбө боло жатаарбыз.

XS
SM
MD
LG