Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

РУНИКАЛЫК ЖАЗУУЛАР КАНТИП ОКУЛГАН?


Мындан 110 жыл мурун дүйнөлүк маданияттын улуу үлгүлөрүнүн бири саналган Орхон-Энесай руникалык жазууларынын жандырмагы табылган. Ал Борбор Азияда жашаган түрк тилдүү калктардын жазуу системасына таандык болгону аныкталган. Айтылуу даниялык илимпоз Вильгельм Людвиг Томсен 1893-жылдын 15-декабрында Даниянын Королдук илим коомуна жаңы жазуунун алфавити менен анын окулушун тартуулаган.

Азыр илимде «Орхон-Энесай руникалык жазуулары» деген аталышта белгилүү болгон эстеликтер XVIII к. саякатчылары тарабынан ачылганга чейин ачык абада беймаалым сакталып келди. Кайсы бир кылымда кыргыздын, түрктөрдүн жана уйгурлардын сабаттуу адамдарынын көрсөтмөсү менен ташка чегилген жазуулар Азиянын борборунда өткөн орошон окуялардын үнсүз күбөлөрү болуп, чөлкөмдөгү доорлордун, бийликтин алмашышы эстеликтерге миң жылдык табият сыноосунан оор запкы тарткызган. Балким аларга Европанын илим адамдарынын көңүлү бурулуп, беймаалым жазуулардын жандырмагын табыш үчүн бүйрү кызыбаганда эстеликтердин тагдыры кандай болмок - айтыш кыйын.

Даниэль Готлиб Мессершмидт деген адам Петр Iнин тапшырмасы менен 1719-жылдан 1727-жылга чейин Сибирди кыдырып чыккан. Адегенде ал Жогорку Энесайдагы байыркы көрүстөндөрдүн арасынан белгисиз жазуу менен сүрөт чегилген эки ташты тапкан. Таштагы сүрөттөрдө адамдар, айбанаттар жана тамгалар тартылган, ал эми жазуулар Скандинавия элдеринин рун тамгаларына түспөлдөштүгүнөн улам “руникалык жазуулар” деп аталган.

Екатерина IIнин мезгилинде жазуулардын көчүрмөлөрү Европага жөнөтүлүп, ошол жакта басылып чыгарылган. XIX кылымдын башталышында Европадагы чыгыштаануу борбору эсептелген Парижде алардын саны көбөйүп, илим адамдары эстеликтердин баалуулугун баамдап, которууга аракет көрүшөт. Башында айтылуу чыгыштаануучулар Абель Ремюза, Юджин Клапроттор жазуу жандырмагын табыш үчүн жан үрөп, бирок эстеликтер сырын оңой менен ачкан жок. Айрым окумуштуулар “жазуулар скифтердики” десе, башкалары “түндүк рундары” деп, дагы бирөөлөрү “алар кельттер менен готторго таандык” деген жаңылыш жолго түшкөн. Ошентип, сыр түйүнү чечилбей, окумуштуулар да жадагандан эстеликтер менен алпурушпай, алар акырындап унутула баштайт.

ХIХ к. экинчи жарымында Миңсуу өрөөнүндө эки ирет экспедиция уюштурган фин окумуштуусу М.Кастрендин аракетинен улам, унутта калган эстеликтерге кайрадан кызыгуу артып, сыр чечилээр саат жакындады. М.Кастрен 1889-ж. Гельсингфорсто «Енисей жазуулары» деген сүрөттүү, жазуулары бар китеп чыгарган. Мындан көп өтпөй орус окумуштуусу Н.Ядринцев Орусия археологдорунун VIII конгрессинде «Орхон дарыясынын өрөөнү байыркы эстеликтерге, таш жазууларына бай» экендигин кабарлайт. 1890-ж. Монголияга уюшулган экспедицияны фин изилдөөчүсү А.Гейкель жетектеп, ал 1892-ж. түрк кагандарынын ордосун жана андагы эстеликтер менен жазууларды ачкан. Экспедициянын үзүрү менен китеп басылып чыгып, кийинки жылы түрк руникасынын жандырмагын чечкен Вильгельм Томсенге ал зор жардам берген. Вильгельм Людвиг Томсен 1893-ж. 15-декабрында Даниянын Королдук илим коомуна байыркы түрк жазуусунун алфавити менен анын окулушун сунуш кылган. Руникалык жазуунун жандырмагынын табылышына асыресе А.Гейкелдин экспедициясынын табылгасы зор роль ойногону талашсыз. А.Гейкель тапкан эстелик 713-ж. дүйнөдөн кайткан Чыгыш Түрк канжабасы Култегинге арналып, анын үч тарабына руникалык, ал эми бир жагына кытайча тамгалар менен каармандын эрдиги жазылган.

Адегенде ошол кытайча жазылган текст окулуп, анда «кутлуг», «билге», «Теңири», «түрк» сыяктуу терминдер окулуп, буга чейин жандырмагы табылбай келген руникалык жазуунун сырын чечүүгө жардам берген. В.Томсендин кеменгердиги мында: ал башында руникалык жазуулар оңдон солду карай окулаарын аныктап алган жана эстеликте көп кездешкен «Теңир», «түрк» деген сөздөрдү чечмелегенден кийин, руникалык жазуунун тамга менен жазылаарын билген.

В.Томсендин руникалык жазууну окушу өз мезгилинде Ж.Ф.Шампольон Египет иеороглифинин, Б.Грозный хетт клинопистеринин жандырмагын тапкандай эле, дүйнөлүк илим менен маданиятка зор салым кошту. Түрк тилдүү калктар да жазуу системасын колдонгону, маданияттуу калктардын катарында турганы аныкталды.
XS
SM
MD
LG