Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН КООПСУЗДУК ЖАНА АТАЙЫН КЫЗМАТ БАШЧЫЛАРЫ БИШКЕККЕ ЧОГУЛУШТУ


КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук жана атайын кызмат башчылар кеңешинин XV отуруму 29-30-октябрда Чолпоната шаарында өтөт. Ага катышканы шейшембиде өлкөгө бул кеңешке мүчө болгон 10 өлкөнүн ушундай кызматтарынын жетекчилери келишти. Ушул эле күнү кеңештин отуруму Бишкекте президент Аскар Акаевдин катышуусунда ачылды.

КМШ өлкөлөрүнүн Коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңеши 1997-жылы мамлекет башчыларынын макулдашуусуна ылайык түзүлүп, ага он өлкө мүчө болгон. Түркмөнстан менен Өзбекстанга байкоочулук укук берилген. Бул кеңештин отуруму Аткаруу комитетинин чечимине ылайык уюмга мүчө мамлекеттердин биринде кезек менен өтүп турат. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери Ойталбек Осмоновдун сөзү боюнча, КМШ аймагында коопсуздук чараларын көрүүдө бул кеңеш олуттуу милдеттерди аткарып келатат.

- Кеңештин ушу алты жыл ичинде өткөн отурумдарында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчилиги дайыма чоң жумуштарды аткарып, ошолордун салымы менен биз бир топ ийгиликтерге жетишүүдөбүз, - дейт Ойталбек Осмонов. - Ошондон бери 26 протоколго кол коюлду. Алардын арасында терроризмге, аткезчиликке, уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча макулдашуулар бар.

Маселен, 1998-жылы кеңештин Бишкекте өткөн отуруму терроризмге каршы күрөш маселесин талкуулаган. Бул өз кезегинде кийинчерээк КМШдагы Антитеррордук борбордун Борбор Азия бөлүмүнүн Бишкекте ачылышына салым кошкон.

- Мисалы, 1999-жылдагы Баткен окуясын баарыбыз билебиз. Ал алдын-ала айтылган маалыматтардын, чогулуп иштөө боюнча сунуштардын тууралыгынын далили болду. Ушундай окуя болгондон кийин, кийинчерээк Ооганстанды эске алып, КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррордук борборунун Борбор Азия боюнча бөлүмү Бишкекте түзүлдү, - дейт Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу кызматкери.

Мындан беш жыл мурунку отурумдан айырмаланып, бул жолу күн тартибине аскердик-техникалык жана экспортту көзөмөлдөө багытындагы кызматташтык, аткезчиликтин өтө кооптуу көрүнүштөрүнө ж. б. биргелешип күрөшүү сыңары маселелер киргизилген. Бул маселелер негизинен Чолпоната шаарында кийинки эки күндө талкууланат. Ал эми шейшемби күнү кеңештин кезектеги отуруму Бишкекте расмий ачылып, ага президент Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөдү. Алдын-ала божомолго караганда, отурумдун соңунда КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук жана атайын кызмат жетекчилери аткезчиликке каршы күрөш багытында макулдашуу кабыл алышмакчы.

Бирок Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, бажы жана башка төлөмдөр боюнча кичи комитеттин төрагасы Дүйшөн Чотонов мындай макулдашуудан майнап чыгаарына анча ишене бербейт.

- КМШ мамлекеттеринде кабыл алынган макулдашуулардын бир-экөө эле иштебесе, көпчүлүгү иштебей келатат. Мен ушул макулдашуу деле кабыл алынгандан кийин иштебей калабы деп корком, - дейт Дүйшөн Чотонов.

Депутаттын пикиринде, бир аймакта, бир тилге биригип турган бул өлкөлөрдүн коопсуздук жана атайын кызматтары чогуу, макулдашып иш жүргүзүшү керек. Анын айтымында, бир жылдары 60 миң тонна кантты «Ооганстанда, Өзбекстанда же Тажикстанда сатылды» деп бажычылар жазып, иш жүзүндө Кыргызстандын өзүндө көмүскө сатылып, мамлекетке бир тыйын түшпөй калган учурлар болгон. «Бул сыяктуу көрүнүштөр бардык өлкөлөрдө эле болсо керек» деп болжойт депутат.

- Бир эле жагдайды айтсам, биз импорттук мамлекетпиз, - дейт Дүйшөн Чотонов. - Демек, кыргыз бажысы бюджеттин 60% берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ал бүгүнкү күндө 20% эле берип атат. 20% 3 млрд. сом болсо, дагы 6-7 млрд. сом аткезчилик жолу менен, бажыканада иштегендердин, же жогорку кызматта отургандардын кийлигишүүсү менен уурдалып, жок болуп кетип атат. Ушундай эле жагдайлар бардык өлкөлөрдө болсо керек.

Депутаттын көз карашында, аткезчиликке, арам акчаны адалдоого каршы күрөштү күчөтүү боюнча биринчи иретте Орусия демилге көтөрүүдө. Анткени экономикасы өнүгүп бараткан бул өлкө тышка мыйзамсыз агып кетип жаткан кыйла каражатын кармап калгысы келет. Мындай мүмкүнчүлүктү Кыргызстан өз кызыкчылыгына пайдаланууга умтулушу керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG