Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Азербайжанда партиялык гезиттин баш редактору камакка алынды


Оппозициядагы "Мусават" партиясына караштуу "Ени Мусават" гезитинин баш редактору Рауф Арифоглыны бийликтер 15-октябрдагы президенттик шайлоонун соңунан Бакуда орун алган тополоңдун уюштуруучуларынын бири деп эсептейт. "Мусаваттын" лидери Иса Гамбар президенттик шайлоодо экинчи орунга чыккан. Оппозиция өкүлдөрү добуш берүүнүн жыйынтыктары шайлоодо жеңүүчү деп табылган Ильхам Алиевдин пайдасына бурмаланды деген пикирде. Бакудагы тополоңго байланыштуу 70тей адам, анын ичинде "Мусаваттын" үч лидери камалган, Азербайжандагы камоолорду АКШ мамлекеттик департаменти, ЕККУ жана эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG