Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

БУУнун башкатчысы Израилди эл аралык мыйзамдарды бузганы үчүн айыптады


Мындай айыптоонун чыгышына Израилдин Газа секторунда палестиндерге караштуу көп кабаттуу үч турак үйдү буздурганы себеп болду. Үйлөрдү талкалоонун алдында анда жашаган жана тегеректеги 2 миңдей адам күн мурунтан эвакуацияланган. Израил тараптын айтымында, бул көп кабаттуу турак үйлөрдү палестин террорчулары коңшу жөөт конушуна байкоо салуу үчүн пайдаланып келген. БУУнун башкатчысынын билдирүүсүндө белгиленгендей, Израиль акыркы айда Газа секторунан 200дөй имаратты талкалап, 2 миңден ашуун адамды үй-жайсыз калтырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG