Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

АКШнын Мамлекеттик катчысы эл аралык гуманитардык уюмдарды Ирактагы ишин токтотпоого чакырды


К.Пауэлл бул тууралуу Ирактын башкалаасы Багдадда кечээ орун алган терракттардан соң билдирди. Жанкечтилер катар-катары менен жасаган беш жолку жардыруудан 34 адам өлүп, 200дөн ашуун киши жаракат алган. Жардыруулардын бири Кызыл Чырым уюмунун кеңсесинде, калгандары полиция бекеттеринде болду. Бул окуядан соң Кызыл Чырым өзүнүн чет өлкөлүк 30тан ашуун кызматкерин Багдаддан чыгарып кетет деген маалымат тараган эле, бирок уюмдун расмий өкүлү Антонелла Нотаринин соңку билдирүүсүнө караганда, эвакуация жөнүндө чечим азырынча кабыл алына элек. АКШнын президенти Жорж Буш Иракта кол салуулардын күчөшүн өлкө саясий стабилдүүлүккө жана демократияга ык койгонуна байланыштырат:

- Иракта биздин жетишкендиктерди токтотуу үчүн кимди болбосун өлтүрүүгө даяр террорчулар бар. Биз жеринде канчалык ийгиликке жетишкен сайын киши өлтүргүчтөр да күчөйт. Аларды таап, сотко өткөрүп берүү биздин ишибиз.

Ирактагы америкалык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, жанкечтилер 45 мүнөттүн аралыгында жасаган жардыруулардын артында Саддам Хусейндин жактоочулары эмес, четтен келген террорчулар тургандай. Маселен дүйшөмбүдөгү жардырууларды уюштургандардын бири кармалып, андан Сириянын паспорту табылган. БУУ, Европа Биримдиги жана дүйнө өлкөлөрүнүн бир катар лидерлери Багдаддагы терракттарды кескин айыпташты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG