Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

Румыния студенттери өкмөттөн жашоо шарттарын жакшыртууну талап кылууда


Румыниянын түндүгүндөгү Ясы шаарынын көчөлөрүнө бүгүн 10 миң студент чыгып демонстрация өткөрдү. Алар стипендиянын көбөйтүлүшүн жана жатакана үчүн төлөмдөрдүн азайтылышын талап кылды. Мурда студенттер өлкөнүн башка шаарларында да каршылык акцияларын уюштурган жана Билим берүү министрлиги алардын талаптарын келерки айда кароого камданууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG