Эл аралык космос станциясынан жерге бүгүн эртең менен үч космонавт келип конду. Алар - станцияда алты ай бою иштеген орусиялык Юрий Маленченко менен америкалык Эдвард Лу жана станцияда бир апта болгон испаниялык Педро Дуке. Алардын парашюту Казакстан аймагына келип конду.