Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Ходорковскийдин ишине президент Путин кийлигишүүдөн баш тартты


Орус президенти Владимир Путин кечээ күнү Михаил Ходорковскийдин ишине кийлигишпей турганын билдирди. "ЮКОС" мунай компаниясынын жетекчиси жана Орусиянын эң бай адамы Ходорковский ишемби күнү Новосибирск шаарында кармалып, Маскөөгө жеткирилген. Аны менен байланыштуу, компаниянын акциялары 20 пайызга арзандады жана рублдин наркы да төмөн түштү. Ходорковскийге жеке менчиктештирүү учурунда салык төлөөдөн качкан деген күнөө тагылууда, бирок Путин элге кайрылып, приватташтыруу жараянында артка кетенчиктөө болбой турганын билдирди: "Тергелип жаткан иш боюнча эч кандай жалпылаштыруу же окшоштук жүргүзүүнүн кереги жок, өзгөчө жеке менчиктештирүүнүн жыйынтыктары кайра каралат деген пикирлер токтотулууга тийиш. Эч ким антип ойлобош керек жана өкмөт андай талаш-тартыштарга катышпасын". Кээ бир байкоочулардын пикиринде, Ходорковский саясий себептерден кармалган, ал өкмөткө жакпаган эки саясий партияга акчалай жардам берген.

XS
SM
MD
LG