Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

ЖЕРҮЙДҮН АЛТЫНЫ ЭМЕС, АЛТЫНДЫ САТКАНДАН ТҮШКӨН ТАЗА КИРЕШЕ БӨЛҮНМӨКЧҮ


Мындан 10 жыл мурда Жерүй алтын кенин казып алуу иштери токтоп калган. өкмөт быйыл 19-апрелде токтом чыгарып, Жерүй алтын кенин иштетүү укугун Улуу Британиянын «Оксус голд» компаниясына берди. Бирок Жерүйдөн канча алтын кандай шарт менен казылып алынаары коомчулукка азырынча так жана ачык маалымдала элек.

Кумтөр кенинен Кыргызстан мурда күткөндөгүдөн аз киреше тапканы белгилүү. Ошондуктан «Алтындын көлөмү боюнча экинчи орунда турган Жерүй кени республикага канча пайда берет?» деген суроо коомчулукта өзгөчө кызыгуу жаратууда. Бирок буга ачык жооп айткандар да боло элек. Жерүй кени канча алтынды кандай шартта берээри парламентке да ачык маалымдала элек. Мыйзам чыгаруу жыйынынын тиешелүү комитетин жетектеген депутат Орозбек Дүйшеевдин айтымында, ушул күнгө чейин Жогорку Кеңеште Улуу Британиянын «Оксус голд» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим ратификациядан өтө элек. «Бул маселени жакын арада парламенттин «өкмөттүк саат» талкуусуна алып чыгайын деген ниеттемин» дейт Орозбек Дүйшеев.

- Кумтөрдү иштетүү боюнча «Камеко» менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим ушул күнгө чейин парламентте ратификациядан өтө элек. Биздин «ири кендер боюнча келишим түзүлгөндө, алар ратификациядан өтсүн» деген сунушубуз бар. Мен бул маселени кайра-кайра коюп жатам. Буюрса, ноябрь айынын күн тартибине киргизейин деп турам, - дейт депутат Орозбек Дүйшеев.

Жерүй алтын кени 1969-жылы ачылган. Анда ар кандай эсептер боюнча 70тен 100 тоннага чейин алтын бар. Кенден алтындан тышкары күмүш, темир, күкүрт алууга болот. 1991-жылга чейин кенди Карабалта тоо-кен комбинаты казып алууга аракет кылган. 1991-жылдан кийин «Кыргызалтын» акционердик коому түзүлүп, кенди иштетүү укугу анын колуна тийген. Бирок каражаттын жоктугунанбы, же башка да себептери барбы, айтор 1993-жылы иш токтоп калган. Депутат Орозбек Дүйшеевдин айтымында, америкалык «Моррисон кнудсен» компаниясы кенди иштетүүгө 1997-жылга чейин аракет кылып, бирок эч кандай майнап чыгара алган эмес.

- «Моррисон кнудсен» деген компания эч кандай күчү жок компаниябы, же башка да бир себептери болдубу, айтор 1997-жылга чейин кенди же өздөрү казбай, же башкаларга бербей келди. Кенди казмак турсун, мурда тургузулган курулуштарды талкалап жоготушту, - -дейт Орозбек Дүйшеев.

Акыры кенди казуу укугу Улуу Британиянын «Оксус голд» компаниясына тийди. Жерүйдү иштетүү максатында 1999-жылы кыргыз-британиялык «Талас майнинг компани» акционердик коому түзүлгөн. «Талас майнинг компанинин» акциясынын 67% «Оксус голд компанинин» карамагындагы «Норокс майнинг компаниге», ал эми 33% «Кыргызалтынга» таандык.

«Талас майнинг компанинин» жетекчисинин орун басары Кусейин Жамакеевдин айтымында, Жерүй кенин иштетүүгө Кыргызстан тарап атайын акча бөлбөйт. «Оксус голд компани» 68 млн. долларга жакын чет өлкөлүк инвестиция алып келмекчи. Ал акча кредит катары алынат жана Жерүйдүн алтынынын эсебинен кайра төлөнүп берилет.

- «Оксус голд компани» 68 млн. долларды кредит катары Жерүйгө жумшайт, - дейт Кусейин Жамакеев. - 2005-жылы, болжол менен июнь айында алгачкы алтын алынат деген эсеп бар. Ага чейин бир жыл ачык асман алдында иш жүрөт. Андан соң жер алдындагы алтын казылат. Айта кетейин, «Талас майнинг компани» эч бир салыктан бошотулган жок, кандай салыктар болсо, анын баарын төлөйбүз.

Кусейин Жамакеевдин айтымында, Жерүйдө жылына 1 млн. тонна кен топурагын иштете турган фабрика курулмакчы. Ал эми алдын-ала эсептөөлөр боюнча, 1 млн. тонна кен топурагынан 6-7 тонна алтын чыкмакчы. Ошондо, кен 11 жылда казылып бүтөт.

- Орто эсеп менен жыл сайын 6-7 тонна алтын алабыз деген болжол бар, - дейт Кусейин Жамакеев. Ал «Жерүйдүн алтыны эмес, алтынды саткандан түшкөн таза киреше бөлүнөт» дейт. Ошондо таза кирешенин 67% «Оксус голд компаниге» тийет да, 33% кыргыз тарапта калмакчы.

Депутат Орозбек Дүйшеевдин айтымында, «кенден чыккан алтындын өзүн бөлбөй, таза кирешени бөлөбүз» деген кеп «Кыргызстандын казынасына жарытылуу акча калбайт» дегенди түшүндүрөт:

- Эгерде «таза кирешени 67-33% формуласы менен тигилердин пайдасы үчүн бөлөбүз» дешсе, анда Кыргызстан Кумтөрдөгүдөн да аз киреше таап калат. Ошондо начар абалда калабыз.

Орозбек Дүйшеев белгилегендей, Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишим да алтынды эмес, таза кирешени бөлүү боюнча түзүлүп, Кумтөрдөн Кыргызстан болгону 50 млн. доллардай гана пайда тапкан. Ошондуктан талдоочулар «Жерүйдөн да Кыргызстан жарытылуу киреше албайт тура» деген жыйынтык чыгарышууда.
XS
SM
MD
LG