Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Эртең Бишкекте «Евразия диалогу» платформасынын жыйыны болот


БИШКЕК. Эртең Бишкекте «Евразия диалогу» аттуу платформанын V жыйыны башталат. Ал быйыл «Глобализация жана жергиликтүү маданияттардын келечеги» деген темада Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата өткөрүлөт. Анда байыркы кыргыздар менен Евразиядагы башка элдердин маданий жакындашуусу, нукура элдик мурастарды азыркы глобализация доорунда сактап калуу сыңары маселелер талкууланат. Жыйынга Евразиядагы 8 мамлекеттен 70ке жакын саясатчылар, илимпоздор, маданият ишмерлери катышат. Форумга президент Аскар Акаев да катышып, сөз сүйлөйт. Жыйын 1-ноябрга чейин созулуп, Чолпоната шаарында аяктайт. «Евразия диалогу» платформасы Евразия континентинде сабырдуулукту, руханий тилектештикти, диний ишенимдер жана улуттар арасындагы ынтымакты арттыруу максатында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG