БИШКЕК. Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн Баткенге жөнөп кетти. Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, депутаттык комиссия облусту текшергени экинчи жолу баратат. Комиссия быйыл 23-сентябрда түзүлгөн. Анын жетекчиси болуп депутат Эркин Бөлөкбаев шайланган.