Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

БУУнун эксперттери Азербайжандагы кырдаалга тынчыздануу билдирди


БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясынын эксперттери бийликтер азербайжан оппозициясына жана жакындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдө орун алган демонстрациялардын катышуучуларына каршы жүргүзүп жаткан репрессиядан улам тынчызданууда. Алар кечээ жарыяланган билдирүүсүндө Азербайжандын жетекчилигин адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелерин, баарыдан мурда сөз жана жыйын өткөрүү эркиндигин сактоого чакырды. Кечээ Азербайжандын Конституциялык соту президент Гейдар Алиевдин уулу, премьер-министр Ильхам Алиев өлкөнүн жаңы мамлекет башчысы болуп шайланганын ырастады.

XS
SM
MD
LG