Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка Палестинанын "эски гвардиясы" тоскоол болууда


Бул тууралуу АКШнын президенти Жорж Буш Вашингтондогу басма сөз жыйыны учурунда айтты. Ж. Буш белгилегендей, Палестин автономиясынын террорчулук менен күрөшүүнү көздөгөн мурдагы премьер-министри Махмуд Аббас дал ушул "эски гвардиянын" айынан өз аракетинен майнап чыгара албай отставкага кетти. АКШ президентинин пикиринде, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын ага тартылган тараптардын баары өз жоопкерчилигин сезип, аракет көрмөйүнчө алдыга жылдыруу кыйын. Мунун аралыгында палестин лидери Ясир Арафат премьер-министр Ахмед Корейиден автономиянын жаңы өкмөтүн түзүүнү өтүндү. Палестин тышкы иштер министри Набил Шаастын айтымында, А.Корейи сунушту кабыл алып, анын чукул өкмөтүнүн бир айлык кызмат мөөнөтү келерки шейшембиде аяктагандан кийин да ишин улантууга макул болгон.

XS
SM
MD
LG