Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

АКШнын президенти Ирактагы терракттар үчүн Саддамдын жактоочуларын жана чет элдик согушкерлерди айыптады


Бул жерде куралдуу кол салуулар менен жардыруулар күн сайын кайталанууда. Кечээ кечинде Ирактын башкалаасындагы "Багдад" мейманканасынын жанында ракета жарылды, мунун алдында Киркук жана Тикрит шарларында АКШ аскерлери турган жайлар аткыланган. Ал эми Фаллужа шаарында болгон кечээги жардыруудан аны жасаган жанкечтиден башка төрт адам өлдү. Түштүктөгү Басра шаарында болсо жолго көмүлгөн бомбанын жарылуусунан үч киши: коалициянын бир аскери, жергиликтүү бир тургун жана бир чет элдик адам жаракат алган. АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы соңку зордук-зомбулуктар үчүн Саддам Хусейндин жактоочуларын жана коңшу өлкөлөрдөн келген согушкерлерди айыптады:

- Биз бул адамдар кимдер экенин аныктап жатабыз, бирок менин эсебимде алар - Баас партиясынын мүчөлөрү же чет элдик террорчулар, балким тигилери да, булары да.

Президент Ж. Буш ошондой эле Ак үйдөгү басма сөз жыйынында Вашингтон Ирактын коңшулары Сирия менен Ирандан чек араларды бекемдөөсүн күтүп жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG