Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

АКШнын Калифорния штатында өрт уланууда


Ал жерде курман болгондордун саны 18ге жетти. Табигый кырсыктан 240 миң гектар жер өрттөнүп, 2 миңден ашуун турак-жай керектен чыкты.
Калифорниянын Токой чарба жана Өрттөн коргонуу департаментинин өкүлү капитан Марк Миллер үйлөрдү сактап калуу кыйынга тураарын айтты:

- Бул абдан өкүнүчтүү. Калк жайгашкан жер өрттөнгөндө, коргоп калууга мүмкүн болгон үйлөрдү карайбыз. Алар, биринчи кезекте, айланасында бак-дарактар жок турак-жайлар. Башка үйлөрдүн болсо отко туруштук берүүгө эч кандай шансы жок.

Калифорнияда 10 миң чакты киши үйлөрүн таштап, өрт аймагынан чыгып кетишти.
Штаттын кызмат мөөнөтү аяктап бараткан губернатору Грэй Дэвис: “Бул Калифорниянын тарыхындагы эң чоң кырсык”, - деген баасын берди. Анын ырастоосунда, өрт алып келген зыян жана анын кесепеттерин жоюуга сарпталчу каражат 2 миллиард долларга жетиши ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG