Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Александр Волошин кызматынан кетүүдө


Орус президентинин администрация башчысы Александр Волошин кызматынан чегинүү жөнүндө арыз берди. Мындай кабарды дүйнөлүк маалымат каражаттары россиялык “Ведомости” жана “Коммерсант” басылмаларына шилтеме берип таркатышты. Алардын жазышынча, Волошин өз арызын ишемби күнү “Юкос” компаниясынын жетекчиси Михаил Ходорковский камакка алынгандан көп узабай берген. Кремль бул кабарды комментариялоодон баш тартты. “Интерфакс” агенттиги Кремлдеги беймаалым булакка таянып, президент Путин администрациясындагы кандайдыр бир өзгөрүүлөр жөнүндө буйрук чыгара элек деп маалымдады.
Волошин президенттик администрацияда Борис Ельциндин тушунда иштей баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG