Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Европарламенттин айыптоолорун четке какты


Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри өлкөдөгү адам укуктарынын абалына байланыштуу Европа Парламенти тарабынан айтылган сын пикир “чындыкка дал келбейт жана объективдүү эмес” деп билдирди.
Министрликтин билдирүүсүндө: “Кыргыз өкмөтү демократия, адам укуктары менен эркиндиктеринин жана мыйзамдын үстөмдүгүнүн өнүгүшүнө карай аракеттерин улантууда”, - деп айтылат.
Өткөн аптада Европарламент атайын резолюция кабыл алып, Борбор Азиялык беш жумурияттагы адам укуктарынын абалын сынга алган. Уюм ошондой эле жагдайды жакшыртуу боюнча чара көрүүгө ошол өлкөлөрдүн өкмөттөрүн үндөгөн.
Резолюцияда кыргыз бийлиги айрым оппозициячыларды, журналисттерди жана укук коргоо активисттерин куугунтукка алууда деп айтылган. Европарламент Феликс Куловдун бошотулушун да талап кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG