Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Иран АКШдан “реалдуу кадамдарды” күтөт


Бүгүн Иран АКШ менен диалогго барууну караштыруудан алдын Вашингтон “реалдуу кадамдарды” жасашы керек деп билдирди.
АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаждын кечээки комментарийине жооп кайтарып, Иран өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Абдолла Рамазанзаде Вашингтондун “биздин ишеничибизге” ээ болууга багытталган иш-аракеттерин күтөбүз деп билдирди.
Армитаж АКШнын Иран менен айрым маселелер боюнча сүйлөшүүлөргө баруу мүмкүнчүлүгүн сөз кылган эле.
Рамзанзаде кандайдыр бир диалогдон мурун АКШ Иранды айыптоону токтотушу абзел деп айтты. Ирандын басма сөз өкүлү ошондой эле Тегеран «ал-Каидага» тийиштүү чалгын маалыматтары менен Вашингтон менен бөлүшпөй турганын дагы бир ирет кайталады. Ирандын АКШ менен эч кандай байланыштары болбогондуктан, эмне үчүн биз Вашингтонго маалымат берип кызматташуубуз керек, - деп кошумчалады Рамазанзаде.
АКШ администрациясы колго түшкөн «ал-каидачылар» жөнүндө Ирандын тийиштүү маалымат берүүсүн каалайт. Бирок расмий Тегеран коопсуздук себептерден улам деп, андай кызматташуудан баш тартып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG