Линктер

дүйшөмбү, 20-февраль, 2017 Бишкек убактысы 10:44

Россиянын Ростов облусун шахтадан 12 киши куткарылды


Бүгүн Россиянын түштүгүндөгү шахтада камалып калган 12 кенчи куткарылды. Куткаруучулар бир жумушчунун сөөгүн табышты. Дагы бир шахтер дайынсыз жоголууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлдөрү жети киши тез жардам бөлүмдөрүнө жеткирилгенин билдиришти.
“Интерфакстын” кабарына ылайык, аман калгандардын арасында шахтанын директору да бар.
Анын аралыгында, Россиянын Приморье аймагында дагы бир шахтада кырсык болду. Метан газынын жарылуусунан беш кенчи каза тапты. Расмий маалыматтар боюнча, ошол маалда иштеп жаткан 71 жумушчунун калгандары куткарылды. Бирок айрымдарынын абалы оор.
Орус президенти Владимир Путин бүгүн Мамлекеттик кеңеште сүйлөгөн сөзүндө мындай деди:
- Бул оор жагдай жөнүндө билесиңиздер. Буюрса, ал аяктап баратат. Бирок куткаруу иштери улантылат. Тилекке каршы, мындай окуялар улам кайталанган мүнөзгө ээ болуп баратат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG