Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Кыргызстандык жаш шахмат чеберлери Грециянын Халкидика шаарында дүйнө чемпионатына катышууда


БИШКЕК. Дүйнөдөгү 84 өлкөнүн жаш шахматчылары таймашып жаткан, өспүрүмдөр аралык дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 6 шахматчы катышууда. Буга чейинки 5 турдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын командасынан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, 15 жаштагы Жаңыл Тиленбаева мыкты оюн көрсөтүүдө. Ал биринчи беттешүүдө өзбекстандык Үмүт Чоршанбиеваны утуп алса, орусиялык Мария Фоминюкка аз упай менен алдырып койгон. Бирок кийинки 3 оюнда тең чехиялык Петра Валискованы, германиялык Сара Холтту жана тез шахмат боюнча Европанын чемпиону, орусиялык Варвара Кириллованы жеңип алды. Мындан тышкары, кыргызстандык Семетей Төлөгөнтегин 5 оюндан үчөөнү жеңип, эки жолу утулуп калды. 10 жашар шахматчылар Элдар Качиев менен Айжаркын Шыңгыз кызынын экиден упайы бар. 12 жаштагы Садам Давлетбаков да 2 оюнда утушка ээ. Өз каражаты менен дүйнө чемпионатына катышып жаткан Шариф Үсөнов бир жолу ийгиликке жетти. Балдарга кыргызстандык эл аралык шахмат чебери Эмил Молдобаев баш-көз болуп жүрөт. Дүйнө биринчилигинин жеңүүчүлөрү 3-ноябрда аныкталып калат.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG