Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Мыйзам чыгаруу жыйынында «Кыргызстандагы саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору талкууланды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында «Кыргызстандагы саясий партиялар» деген темада парламенттик-коомдук талкуу болду. Ага бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, депутаттар, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев, Конрад Аденауэр фондунун Борбор Азия боюнча регионалдык өкүлү Томас Кунце катышты. Жыйында депутат Кабай Карабековдун демилгеси менен иштелип чыккан «Кыргызстандагы саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзам долбоору талкууланды. Талкууда айтылган маалымат боюнча, мыйзамга олуттуу жаңылыктар киргизилген. Мисалы, саясий партиялар ар кандай шайлоолорго 7 жыл бою катышпаса соттун чечими менен жоюлат, партиянын ар бир мүчөсү тизмеге алынышы керек, шайлоодо жеңген партиянын чыгымын өкмөт кайтарып бериши керек, партиялар улуттук кызыкчылыктарды коргош үчүн жана жыныстык белги менен түзүлбөйт. Талкууда партия мүчөлөрүн тизмелөө, каржылоо тууралуу жана «жыныстык белги менен партия түзүүгө жол берилбейт» деген жоболор талаш туудурду. Андан тышкары, «Юстиция министрлигинде партиянын уставы менен кошо программасы да катталат» деген жобо партиялардын өкүлдөрүн нааразы кылып, алар каттоо нормасын биротоло жоюуну сунушташты. Жыйындын катышуучулары «мыйзам долбоорун дагы талкуулап, кошумчаларды киргизүү зарыл» деген бүтүмгө келишти.

XS
SM
MD
LG