Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Корпоративдик башкарууну жакшыртуу чаралары Бишкекте талкууланууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте корпоративдик башкаруу боюнча IV евразиялык «тегерек үстөл» жыйыны башталды. Жыйын «Директорлор кеңешинин жоопкерчилиги жана корпоративдик башкарууда акционерлердин ролу» деген темада болуп жатат. Анда менчик компаниялардын директорлор кеңештеринин, текшерүү комиссияларынын жана башкармалыктардын ишин ачык жүргүзүүнүн жолдору талкууланат. Эки күндүк жыйынды Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюму менен Кыргызстандын Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиясынын корпоративдик башкарууну өнүктүрүү борбору уюштурду. Жыйынга Орусиянын жана Борбор Азия менен Кавказдагы мамлекеттердин өкүлдөрү катышып жатышат.

XS
SM
MD
LG