Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Феликс Кулов 55 жашка чыкты


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси, белгилүү оппозициячыл саясатчы, азыр түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Феликс Кулов бүгүн 55 жашка толду. Буга байланыштуу бүгүн бул партиянын 100гө жакын өкүлү Бишкектеги Ф. Кулов отурган № 19-Жаңыжер түрмөсүнө барышты. Түрмө жетекчилиги көзөмөлдү күчөтүп, барган адамдарды Кулов менен жолуктурбай койду. Бул тууралуу маалымат бүгүн «Арнамыс» партиясынын штабынан алынды. Ал эми атын атагысы келбеген түрмө кызматкери бул күнү Кулов менен анын жакын туугандары гана жолугушканын маалымдап, тартип сактоо үчүн партиянын калган өкүлдөрү түрмөгө киргизилбей калгандыгын кошумчалады.
Кечээ кечинде болсо Аламүдүн районунун жетекчилиги Байтик айлындагы дөңсөө жердеги «Феликс Куловго боштондук!» деп таш менен жазылган жазууну алдырып таштады. Бул тууралуу бүгүн Байтик айлынын тургуну Чынгыз Жуманов маалымдады. Бийлик өкүлдөрү өз аракетин бул жазуу жергиликтүү айыл өкмөтүнүн уруксаты жок жазылгандыгы менен түшүндүргөн. Бул жазууну 27-октябрда Байтик айлынын 50гө жакын тургуну Куловдун бүгүнкү туулган күнүнө карата жазышкан.

XS
SM
MD
LG