Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

КЫРГЫЗСТАНДА УЛУТ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР КУРЧУЙБУ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Шаршембиде ЮНЕСКО жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) Кыргызстандагы улут аралык мамилелер боюнча илимий-практикалык конференция өткөрдү. Анда сөз сүйлөмөк болгон президент Аскар Акаев жыйынга келген жок. ПРООНдун Кыргызстандагы координатору Ежи Скуратович катышуучуларга салам жолдоду.

Соңку эл каттоодо Кыргызстанда 140тан ашык майда калк жашаары дайын болгон. Ал эми ырасмий маалыматтар боюнча өлкөдө 90го чукул улут жашайт. Улут аралык мамилелер боюнча конференцияда сүйлөгөндөрдүн бир тобу «Кыргызстанда бул багытта акыбал дурус» деген ойду айтышты. Айрым доклад окугандардын оюнда, буга «Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» деген идея жагымдуу таасир этип атыптыр. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Валерий Диль немис диаспорасынын жетекчиси катары да айрым ойлорун ортого салды. Анын оюнда, «Улуттук азчылыктар тууралуу» мыйзамды тез арада кабыл алган оң. Бирок ал 1995-жылдан бери бул мыйзам долбоорунун тагдыры тайкы болуп келатканын айтат. Анын пикиринде, мындай мыйзамдын кабыл алынышын каалабаган мамлекеттик чиновниктер да, депутаттар да бар экен. Диль мырза дагы бир кызык оюн ортого салды. Анын айтымында, Кыргызстандагы айрым аз сандагы улуттар ассимиляция болуп, жергиликтүү калктарга аралашып кетүү коркунучу турат. «Ошондуктан ар бир улут өзүнчө жыш жашаганы оң» деген ойду кыйытты. Бирок отургандардан бул ойду жактырбагандар да болду. Финансы министрлигинин экономикалык жана социалдык реформа борборунун башчысы Турар Койчуев буга каршы чыкты. Анын айтымында, Орусияда өзүнөн-өзү башка элдерге сиңишип бараткан майда калктар толтура. Орусиянын жетекчилиги ал элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүн сактап калууга канчалык аракет кылса да, алардын ассимиляция болгону мыйзам ченемдүү.

- «Элди көчүрүп, аларды жыш жашатабыз» деген реалдуу эмес. Айрым айылдарда тарыхый себептерден улам өзүнөн-өзү чогуу жашап калган немистер, уйгурлар же дунгандар бар. Ал эми «атайын аларды көчүрүп чогултабыз» деген ойго кошула албайм, - дейт Турар Койчиев.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчиси, депутат Иса Токоев өз сөзүндө башка улуттар үчүн кыргыз тилин үйрөтүү курсун уюштурууга эл аралык уюмдардан жардам сурады. Анын оюнда, башка улуттардын өкүлдөрүнө мамлекеттик тилди үйрөтүүгө киришчү убак эчак келген. Мындай ойго кошулгандардын катары калың. Мисалы, бул конференцияда катышып отурган «Манас» кыргыз-түрк университетинин окутуучусу Майрамкан Абылкасымова Иса Токоевдин ушул оюн кубаттайт. Анын айтымында, ал окутуп аткан чет элдик студенттер бир жыл ичинде кыргызча суудай сүйлөп атса, Кыргызстанда түбөлүк жашагандардын кыргызча билбегени мекенин сыйлабаганга жатат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев мырза Кыргызстанда башка улуттардын маселелерине айрыкча кунт коюлуп, түпкү улуттун айрым кызыкчылыктары көмүскөдө калып атканын айтат. Анын оюнда да мамлекеттик тил маселесин көтөрүш керек.

- Алар Кыргызстанга жана кыргыз элине сый-урмат катары мамлекеттик тилди үйрөнүшү керек, - деди спикер.

Иса Токоевдин пикиринде, улут аралык мамилелерде да курч жагдайлар жок эмес. Аны менен жолугушканда айрым улуттар «мамлекеттик кызматтарда, тартип коргоо органдарында өкүлдөрүбүз жок» деп нааразы болушат экен. Ал эми айрым улуттардын тилине статус берүү талабы менен чыгып атканын ал абсурд деп санайт.

- Ушундай маселе менен чыгып аткандар да болуп атат. Бирок бул - абсурд. Башмыйзамда «Кыргызстан элдери» деп эмес, «Кыргызстан эли» деп жазылган. Бир мамлекетпиз. Ар бир эл «биздин тилге ырасмий статус бергиле» деген талап менен чыкканы абсурд болбойбу? Мисалы, өзбектер «өз тилибизди ушунчалык өздөштүрөбүз» десе, Өзбекстан жаныбызда эле турат, - деп билдирди Иса Токоев.

Бул жыйынга катышып отурган профессор Кусейин Исаев «улут аралык мамилелерде баары жакшы» дегенден алыс. Анын оюнда, улут аралык мамилелер мындан ары курчуйт. Бул айтканы жер маселеси менен байланышта экен. Исаев мырзанын көз карашында, азыр жердин асылын жана чүйгүнүн башка улуттар ээлеп кетти.

- Жер сырын жакшы билбеген кыргыздар дыйканчылыкты өздөштүргүчө дунгандар, өзбектер жана башка улуттар жердин көбүн ээлеп алып, кыргыздар азыр кыйналып турган кези. Бул маселе бара-бара улуттар арасында чатактарга алып келиши ыктымал, - дейт Кусейин Исаев.

Бул жыйында улут аралык көйгөйлөр менен катар адам укуктарынын сакталышы да талкууланганы турат.
XS
SM
MD
LG