Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

КЫРГЫЗСТАНДА ЧЕГАРАЧЫЛАРДЫН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ БЕЛГИЛЕНДИ


Азиза Турдуева, Бишкек 29-октябрда Кыргызстанда Чегарачылар күнү белгиленди. Бул күнү Бишкекте өлкөнүн Чегара кызматынын түзүлгөнүнө бир жыл толгонуна байланыштуу жыйын өттү.

Жыйында президент Аскар Акаев чегара кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, Чегара кызматынын түзүлүшүнүн маанисине токтолду.

- 2002-жылы Чегара кызматынын өз алдынча мамлекеттик орган катары түптөлүшү Кыргызстандын мамлекеттик чегарасын коргоо механизмдеринин негиздерин түздү. Бул окуя биздин мамлекеттин коопсуздугун, анын чегарасынын кол тийбестигин жана улуттук азаттыкты кепил кылган негизги шарт болду. Бүгүнкү күндө тышкы коркунучтун деңгээли бир топ төмөндөдү. Бирок Кыргызстандын аймагы чыр-чатактуу зоналарга жакын жайгашкан. Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да эл аралык террористтик топтордун объектисине айланып калышы ыктымал. Биздин чегаралар кылмыштуу топтор тарабынан бузулуп келатат. Мындай шартта өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу Чегара кызматынын негизин түзүшү керек, - деди Аскар Акаев.

Президент, Кыргызстан өзүнө чектеш мамлекеттердин баары менен тең укуктуу, өнөктөш мамилелерде экендигин да белгилеп өттү. Мамлекет башчысы Кыргызстандын Чегара кызматынын материалдык-техникалык жактан камсыздалышына, анын кызматкерлерине социалдык жардам көрсөтүүгө өкмөт көңүл буруп тураарын да маалымдады.

Ал эми Кыргызстандын Чегара кызматынын төрагасы Калмурат Садиев өз сөзүндө мындай деди:

- Мамлекеттик чегара өлкөнүн көз карандысыздыгынын жана өз алдынчалыгынын башкы чен-өлчөмү болуп эсептелет. Мамлекетик чекара бекем корголушу керек.

Бир жыл ичинде Чегара кызматы өлкөдө кошумча чегара отряддарын жана кайгуул бекеттерин түзүп, текшерүү-чегара пункттарын орнотту. Мындай пункттар азыр эл аралык уюмдардын жардамы аркылуу заманбап техника менен жабдылууда. Ал эми чегаралардагы кайгуул бекеттеринин айрымдарына үзгүлтүксүз электр жарыгы берилип, суу менен камсыз кылуу маселеси да чечилүүдө.

К. Садиевдин маалыматы боюнча, былтыр 1,5 миңден ашуун чегара кызматчылары Кыргызстандын түштүк аймагынын коопсуздугун камсыз кылып турушту. Аймактагы кырдаал күнү-түнү көзөмөлдө болуп турду. Чегара кызматынын чет өлкөлөр менен болгон байланыштары өнүгүп, кызматтын материалдык-техникалык абалы жакшырды. 2003-жылы Чегара кызматына чет өлкөлөрдөн 27 млн. сом грант түрүндө жардамга берилди.

Быйыл 9 ай ичинде Кыргызстандын мамлекеттик чегарасынан 350 миң адам өттү. Анын ичинен 80 атуул чегарадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Ал эми 400гө жакын адамдын документтери туура эмес болуп чыккан.

Азыркы кезде өлкөнүн Чегара кызматы КМШ өлкөлөрүнүн чегара кызматтары менен тыгыз иштешип атат. Маселен, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын оперативдүү чегара тобу КМШнын түштүк-чыгыш чектерине кирген кыргыз-кытай чегарасын коргоого көмөктөшүүдө. Кыргызстандын Чегара кызматы Кытай Эл Республикасынын, Америка Кошмо Штаттарынын чегара мекемелери менен да кызматташууда.

Өлкөнүн аткаруу бийлигинин органы катары Чегара кызматынын укуктук негизин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы жөнүндөгү» мыйзамдар, укуктук-нормативдик актылар жана Кыргызстандын эл аралык келишимдери түзөт. Кыргызстандын чегарасынын жалпы узундугу - 4598 чакырым.
XS
SM
MD
LG