Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:14

Байян Жумакадыр кызы, Прага Саддам Хусейиндин туулуп-өскөн шаары Тикритте жайгашкан америкалык аскерлер өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттин өтөлүнө чыкканга даяр экенин айтышууда. Тикритте турган айрым америкалык жоокерлер менен “Азаттыктын” кабарчысы Валентинас Мите баарлашкан.

Кабарчыбыз Валентинас Мите АКШ аскерлеринин Үчүнчү Жөө Аскерлер дивизиясынын Биринчи бригадасы бийликтен четтетилген Саддам Хусейиндин эң ишенчиликтүү таяныч пункту болуп эсептелген Тикритте жайгашканын маалымдайт. Тикрит Ирактын баш калаасы Багдаддан түндүккө жана батышка карай созулуп жаткан ири аймакты камтыган өтө опурталдуу деп эсептелген үч бурчтуктун эң коркунучтуу жана кычыктуу бөлүгү. Өткөн жумада Ирактын эң опурталдуу аймагы болуп эсептелген бул ири аймакта көптөгөн бейкүнөө кишилердин өлүмүнө алып келген бир топ зордукчул аракеттер орун алды. Ишемби күнү Тикриттин өзүндө АКШнын аскердик учагы атып, түшүрүлгөн. Багдадда болсо бир катар жанкечти террордук чабуулдар жасалып, андан 40тан ашык карапайым ирактык атуул курман болуп, 200гө жакыны жараат алган. "Согуш негизинен бүттү" деп жарыяланган 1-майдан бери Иракта 116 америкалык солдат курман болуп, өлгөн америкалык жоокерлердин саны согуш болгон убактагы жоготуудан ашты. Бирок Тикритте америкалык аскерлерди кыдырып чыкаан кабарчыбыз аскерлер өзүлөрүнө жүктөлгөн миссиянын өтөлүнө чыкканга чечкиндүү экенин баяндайт.

Тикритте кызмат өтөп жаткан капитан Лоу Кастилло кабарчыбызга мындай деп билдирген:

"Америкалык аскерлер деморалдашкан жок. Американын маалымат каражаттары биз жөнүндө жалаң эле жаман кабарларды таратып, биз чындап аткарып жаткан ишибиз жөнүндө айтпай жатышат", - деп нааразы болгон Кастилло.

Ал эми Иракта март айынан бери кызмат өтөп жаткан сержант Николас Батиста Иракка келген айрым америкалык солдаттар өтө кооптуу жагдайда кызмат өтөп жатышканына нааразы болсо болгондур, бирок ал жеке өзү ындыны өчкөн, басыңкы маанайга жол бербестигин, коркунучтуу жагдайда кызмат өтөө солдаттын түздөн-түз милдети экенин айтат:

- Өзүм ушундай опурталдуу жагдайда алтынчы ирет кызмат өтөп жатам. Бирок, мындай опураталдуу жагдайга биринчи жолу туш болуп, кыжаалат болуп тургандар жок эмес. Мен аларды түшүнөм. Алгачында үй бүлөөңдү, бала-бакыраңды, биртуугандарыңды сагынып, куса болосуң. Бирок, бул биздин аскердик милдетибиз. Биз кызматка биз өз ыктыярыбыз менен жалданганбыз.

Биринчи бригадага калк арасында, же жашыруун жерлерде катылган каруу-жарактарды издеп таап, коопсуздандыруу жана коалициялык аскерлерге каршы жасалып жаткан кол салуулардын алдын алуу милдети жүктөлгөн. Кызмат өтөөнүн эң татаал жагы - биринчи бригада Саддам Хусейиндин президенттик сарайларынын биринде жайгаштырылган.

Кымбат баалуу буйумдар менен жасалгаланып, бассейн, аба желдеткичтери менен жабдылган имаратта жайгаштырылган Биринчи бригаданын аскерлери, Ирактын башка жериндеги кесиптештеринин оор жагдайда, чыныгы талаа шарттарында кызмат кылып жатышканын көрүп, өзүлөрүн психикалык жактан оңтойсуз сезишет. АКШ аскерлеринин дагы бир өкүлү Майкл Барнес Ирактагы миссиянын өтөлүнө чыгуу аскерлер үчүн техникалык жактан эмес, эң ириде, психикалык жактан кыйын болуп турганын баяндайт. "Жергиликтүү каада салтты билүү, калкка элге ошол каада- салттарга жараша мамиле жасоо,- айсбергтин көрүнөө гана жагы. Машинени тез айдаганды жакшы көргөн сыңары эле, ирактыктар баардык нерсенин тез жана убаракерчиликсиз орундап калышын эңсеп турушат", - дейт Барнес.

"Ирактыктар америкалык жана колициялык аскерлер алар каалап турган нерселердин баарын бат эле даяр кылып, колубузга салып берсе деп көздөшөт. Баардык нерсе үчүн убакыт талап кылынаарын түшүнгүлөрү келишпейт", - дейт Барнес ирактыктардын көз карашына нааразы боло.

Кабарчыбыз, алдыдагы ачык айтылган бирин-экин солдаттын пикирин эске албаганда, Тикриттеги аскерлер өзүлөрүнүн көз карашын ачык билдирүүнү анчейин каалашпаганын айтат.

Валентинас Мите мындай "сабырдуулукту" жай айларында орун алган окуялар менен байланыштырат. Ал убакта маалымат каражаттары бир топ америкалык солдаттар аскердик командачылыкты, анын катарында, өлкөнүн Коргоо Министри Дональд Расмфелдди сындап жатканын жазып чыгышкан эле. Американын аскердик мыйзамдарына ылайык, АКШ өкмөтүнө нааразылык билдирген аскер кызматтан бошотулуп, ал тургай, бир жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG