Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

БАГДАДДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАРДЫН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?


Ирактагы терракттар үчүн Хусейндин БААС партиясынын калдыктары жооп туубу же сырттан келген күчтөр жоопкерби? Өлкөдөгү америкалык жана башка чет өлкөлүк аскерлерге, эл аралык уюмдарга каршы кол салуулар күч алган сайын, бул соболго бир беткей жооп берүү оңой эмес болуп калды.

Шаршембиде АКШ президенти Жорж Буш Ак-Үйдө пресс-конференция өткөрдү. Багдадда ушул аптада 34 кишинин өмүрүн алып кеткен кыянаттык иштердин артында ким турат?- деген журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент Буш мындай деп айтты:

- Биз ошол кишилер ким экенин аныктоого аракет жасап жатабыз. Мен алардын арасында БААСчылар менен катар чет өлкөлүк террорчулар да бар деген ойдомун.

Байкоочулар муну менен президент Ирактагы АКШ жетекчилигиндеги араздашкан тараптарды жараштырууга аракет жасады дешүүдө. Анткени АКШ армиясынын командачылыгынын бир даары чабуулдар Ирактан тышкаркы жерден келген жоочулар тарабынан жасалууда деген пикириде. Экинчилери болсо, генерал Мартин Дэмпсей сыңары,“чет элдик согушчандар бул жакка агылып келатат” деп ойлобой турганын билдиришет. Дүйшөмбүдө АКШнын 4-жөө аскер дивизиясынын колбашчысы генерал Раймонд Одинейро бул ойду бышыктады:

- Четтен келген жоочулардын агымы байкалган жок.

Ошол эле мезгилде Дэмпсейдин орун басары генерал Марк Хертлинг дүйшөмбү күнү Багдадда орун алган жардыруулар “чет өлкөлүк согушчандардын” ишине окшойт деген оюн билдирди. Бирок ал өзү белгилегендей, бул ой генерал Дэмпсейдин пикирине каршы келет деп айтууга болбойт. Анткени дүйшөмбүгө чейин ошондой террорчулар жөнүндө кандайдыр бир аныктык жок болчу. Хертлинг чалгындоо маалыматтарын жана дүйшөмбүдө баш калаада кармалган жанкечтинин жанында Сириянын паспорту табылганын далил катары келтирет.

Вашингтондук эксперт Марк Бөргесстин баамында, Иракта чет жерлерден келген террорчулардын арбын болушу толук ыктымал. Анткени коалиция аскерлеринин көңүл борборунда Багдаддын айланасындагы баш аламандык болгондуктан, чек аралар көп жакшы кайтарылбай калган:

- Ирактагы окуялар ушундай өнүгүп жаткан кезде, өлкөгө эл аралык террорчулар агылып барбаса, мен таң калаар элем. Бул алар үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Террорчулардын Иракка барбай коюшу таң калаарлык болоор эле.

Башка бир америкалык аналитик Анна Нелсон мындай ойго кошулбайт. Нелсон айым Вашингтондогу университеттин профессору, улуттук коопсуздук жана чалгындоо маселелри боюнча адис. Анын айтымында, Ирактагы америкалык генералдардын эки ача пикири бир эле себептен пайда болду:

- Бул бири бирине окшобогон жыйынтык бир эле нерседен келип чыкты – алар өздөрү эмне айтаарын билишпейт.

Нелсон айым Ирактагы америкалык жетекчилик өлкөнүн тарыхтан башат алган үй-бүлө жана уруу аралык мамилелериндеги салттуу маданиятты жакшы түшүнө алышпайт деп эсептейт. Алдыңкы чалгындоо технологияларды пайдалануунун ордуна жергиликтүү үй-бүлөлөрдүн системасын түшүнүүгө аракет жасаш керек деген ойдо профессор Нелсон. Мисалы, дейт ал, балким Саддам Хусейн алыс туугандарыныкында жашынып жүргөндүр. Алар болсо диктаторду өздөрү баскынчы санаган күчтөрдүн колуна салып бербейт.
Анын пикиринче, АКШнын чалгындоо кызматтары касташкан ирактык кландарды таап, аларды Хусейндин учурундагыдай, бири бири жөнүндө маалымдап турууга үйрөтүшү керек.

Ошентип, АКШнын Ирактагы командачылыгы гана эмес, саясатчылар менен аналитиктер да “Багдаддагы жардыруулардын артында ким турат?” деген суроого так жооп бере албай, ар кыл жоромолдорду ортого салышууда.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG