Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

AКШнын ИРАН САЯСАТЫ ТУУРАЛУУ ДЕБАТТАР КУРЧУУДА


Иранга aнын өзөктүк программасы жок экенин далилдөөгө берилген мөөнөт ушул жума күнү бүтөт. Анын аралыгында Кошмо Штаттарында Ирандын мындай программасын коопсуздандырууну эл аралык Атомдук Энергетика агенттигине калтырган канчалык туура деген маселе катуу талаш-тартышты жаратууда.

Ирандын шектүү өзөктүк курал программасы тууралуу Кошмо Штаттарындагы талаш-тартыш Вашингтон Саддам Хусейнди кулатканга чейинки Ирактын массалык кыргын куралынын айланасындагы кызуу талкууну эске салат. Бирөөлөр Вашингтон Ирандын өзөктүк жайларын бомбалашы керек десе, башкалар эл аралык курал көзөмөлдөө системасынын чегинде ишти уланталы деп акыл калчашууда. Ал эми дагы башкалары Вашингтон Тегеран менен түз сүйлөшүү жүргүзүшү керек деп эсептешет.

Өзөктүк жайларды бомбалоого байланыштуу, Курал таркатпоону изилдөө борборунун эскперти Фред Велиң Бушехир реактору сыяктуу ачык жүргүзүлгөн курулуштарды жок кылуудан пайда аз деп эсептейт:

– Буширдин согуштук программага эч кандай тиешеси жок болушу да мүмкүн. Анткени Бушехирге келген жана ал жактан алынып кеткен отун-суу, таштандылар жана ишкананын өзү эл аралык инспекторлордун көзөмөлүндө болушу керек.

Ушундан улам, көп адистер Ирандын өзөктүк куралды мындан эки жыл мурда табылган уран байытуучу тажрыйба ишканасы сыяктуу көмүскө жайларда жасап жаткан болушу мүмкүн экендигин эскертишүүдө. Бирок мындай жайларды табыш жеңил эмес экенин Вашингтон айрыкча Ирактан кийин билип калды.

Анын үстүнө түз эле бомбалап киргидей, Иран Ирак сыяктуу, дүйнөлүк коомчулукта, элден чыгып калган өлкө эмес. Ошондуктан азыр кризисти дипломатия жолу менен чечүү багытында талкуу кызыды.

Учурда Буштун администрациясы Орусияны Иранга өзөктүк жардамын азайтууга көндүрүү менен да убара тартууда. Вашингтондогу Стратегиялык жана Эл аралык Изилдөөлөр Борборунун эксперти Роберт Ейнхорн бул кырдаалдан чыгуунун мындай жолун сунуш этет:

– Болуптур, Иран өзөктүк энергетика реакторлорун кура берсин, бирдиби, экиниби, балким андан да көп курат. Бирок өтө байытылган уран же плутоний чыгарбасын, бул максатта куруп жаткан ишканаларын жапсын, реакторго күйүүчү майды сырттан гана ташып келсин. Ушундай шарт коюш мүмкүн. Орусия Ирандын өзөктүк күйүүчү майды өзүнөн сатып алышына кызыгаарын эске алганда, Маскөө мындай шартка лам дебестен макул болмок.

Ейнхорндун айтымында, эгер Орусия бул сунушка макул болсо, ал ошондой эле Батыш менен ядролук соодасын да кеңейте алмак.

Мындан тышкары Кошмо Штаттарынын куралдардын таркашын көзөмөлдөө эксперттери Вашингтонду Исламабадга кысым көрсөтүп, аны Иранга уранды байытуучу технология сатуудан баш тарттыруу керектигин айтышууда.

Пакистандын президенти Первез Мушараф "Исламабад Тегеранга мындай көмөк көрсөткөн жок" деп ырастоодо, бирок маалымат каражаттарындагы кабарларга караганда, өкмөт менен байланышы бар ишканалар жана окумуштуулар өз алдынча иш жүргүзүп жатышкан сыяктанат.

Ирандын өзөктүк дареметин чектөөнүн жолдору тууралуу дебаттар курчуган сайын, Вашингтонго Иранга карата тышкы саясатын кайра карап чыгууга туура келиши мүмкүн. Айрым аналитиктердин болжолунда, АКШ Иранды санкциялар менен бурчка камабастан, Тегеран өкмөтү менен ийри отуруп, түз кеңешип, аны өзөктүк куралсыз деле коопсуздугун кепилдей алаарына ишендирсе, максатка ылайык болмок.
XS
SM
MD
LG