Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Сегиз жыл мурун алданган аманатчылар эки күндөн бери Ош шаарында нааразылык акцисын өткөрүп жатышат


ОШ. «Селенга кыргыз банкы» деген банкка булардын алды 32 миң сомго чейин акча салышкан. Жыл айланбай пенсионерлердин 9 млн. сомун алып, банк ээлери качып кетишкен. Ошол банкта бухгалтер болуп иштеген Ирина Ляпер 1997-жылы Ош шаардык сотунун өкүмү менен 10 жылга камалып, банктын карамагындагы мүлктүн бардыгы - жалпы жонунан 2 млн. 755600 сомдук мүлк - акчасын алдаткан карыялардын пайдасына өндүрүлүп берилген. Алданып калгандардын жетекчиси Басек Турсуновдун айтымында, эки имараттан бөлөк мүлк сатылып, аманатчылар акчасынын айрым бир бөлүгүн алышкан. Ал эми имараттарды сатыкка коюуга шаардык архитектура жана мамлекеттик каттоо агенттиги уруксат бербей жатыптыр. Анын себебин агенттик бул имараттар «Сулайман тоо» тарыхый коругунун аймагында жайгашкандыгы менен түшүндүргөн. Аманатчылардын буга чейин өкмөткө жана президентке жазган кайрылуусунан майнап чыккан эмес.

XS
SM
MD
LG