Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Мина маселесин эл аралык уюмдар Бишкекте талкууламак болушту


БИШКЕК. Борбор Азиядагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү миналарга жана аларга байланышкан проблемаларды чечүүнүн жолдоруна арналган эл аралык конференция Бишкекте 5-ноябрда өтө турган болду. Аны Кыргызстандагы «Дарыгерлер ядролук согушту жок кылыш үчүн» аттуу комитет жана Минага тыюу салуу боюнча эл аралык компания БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүндө өткөрүшөт. Талкууда негизинен КМШ аймагында миналарды пайдаланууга түрткү берген социалдык жана гуманитардык проблемаларга көңүл бурулат. Жыйынга Минага тыюу салуу боюнча эл аралык компаниянын беш өкүлүнөн тышкары АКШ, Франция баштаган 13 өлкөдөгү ушул компаниянын демилгечилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышаары болжолдонууда. Кыргыз-өзбек чекарасындагы миналардын жергиликтүү калкка тийгизип жаткан кесепети башкы темалардын бири катары талданат. 1999-жылы Өзбекстан кыргыз-өзбек чекарасына койгон миналардын жарылышынан жергиликтүү калк бир топ запкы тартып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG