Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Лилия Мусинанын бүгүнкү жарыясына караганда, жер которуштурууга Семипалатинск чөлкөмү менен Арал деңизинин айланасында жашагандар дуушар болот. Бирок бул программа 2007-жылдан кийин гана башталышы мүмкүн. Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Лилия Мусинанын айтымында, такай жашап келген жеринде калууну же башка жакка көчүүнү адамдар өздөрү чечиши керек.