БАТКЕН. Мыйзам чыгаруу жыйынынын бул депутаттык комиссиясы 28-октябрдан бери Баткен облусунун бардык райондорун жана шаарларын кыдырып, эл менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда эл негизинен социалдык абалдын начардыгын, турмуш шартынын оордугун жана чегара, суу көйгөйлөрүн сөз кылышып, бул маселелер боюнча депутаттарга суроолорун беришти. Баткен жана Лейлек райондорунда болгон ушундай жолугушууларда облустун жетекчилигин катуу сынга алган пикирлер да болду. Ал эми депутаттар бир облусту текшерген мындай комиссия парламентте биринчи жолу түзүлүп жатканын, текшерүүнүн жыйынтыгы эки ай ичинде белгилүү болоорун айтышты. Депутат Эркин Бөлөкбаев жетектеген бул комиссия 10 депутаттан турат. Ал быйыл 23-сентябрда түзүлгөн.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов