Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Президент А.Акаев Нарын облусунда болду


НАРЫН. Бүгүн элдик баатыр Ажыбектин 200 жылдыгына жана айтылуу акын Казыбектин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракеге катышканы Нарынга президент Аскар Акаев келди. Аны менен кошо Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Турдакун Усубалиев, Ош облусунун губернатору Накен Касиев келишти. Аларды аба майданынан Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Келген коноктор алгач 100 жылдыгы белгиленип жаткан Казыбек казалчынын эстелигин ачышты. Андан соң меймандар «Намыс» борборунда айыл чарба техникасынын жаңы ачылган кыргыз-кытай жарманкесин барып көрүштү. Облустун активи менен жолугушкан соң президент баштаган коноктор Атбашы районундагы Ажыбек баатырдын эстелигин ачып, мааракеге катышты.

XS
SM
MD
LG