Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Бүгүн Малайзияда жаңы премьер-министр Абдулла Ахмад Бадавинин ант берүүсү болуп өттү


Абдулла Ахмад Бадави 1981-жылда бийликке келген жана 77 жаштагы мурдакы премьер-министр Махатхира Мохамаддын орун басары эле.
Малайзия Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүндө тез өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн бири. Ошол эле учурда Махаткир өзүн өкүмчүл саясатчы катары көргөзө алган. Ал ислам мамлекеттеринин тез өнүгүшүнө байланыштуу бир нече жолу АКШнын жана Батыштын саясатын сындап келген. Жакында Махаткирдин “жөөттөр дүйнөнү көшөгөнүн артында башкарат” деген пикири, дүйнөлүк коомчулуктун кызуу талдоосуна алынып, ага карата сындар айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG