Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Израил, Палестин сүйлөшүүсү уланат


Израилдин Коргоо министри Шауль Мофаз келээрки аптада жогорку кызматтагы палестин өкүлдөрү менен жолугат. Бул тууралуу бүгүн Израил үн алгысы маалымдады. Кече күнү премьер-министр Ариэль Шарон палестиндер менен тынчтык сүйлөшүүсүнө даяр экендигин билдирди.
20-августта Иерусалимде террордук кол салуудан кийин, эки өлкө ортосундагы тынчтык сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учураган. Мындан мурда Израил Палестинанын Йасыр Араффат көзөмөлдөгөн бийлик менен сүйлөшүүдөн баш тартып келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG