Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программаларын текшерүүгө алууда


Эл аралык Атом энергетика агенттиги Иран сунуш кылган өзөктүк программасы тууралуу доклад менен таанышууда деп билдирди МАГАТЭнин башчысы Мохамед ал Барадейи. Анын айтымында:
- Бир караганда, Ирандын маалыматы толуктай көрүнөт. Бирок биз дагы көп нерселерди тактап, көптөгөн суроолорду аныкташыбыз керек. Ошон үчүн биз азыр бул жерде жүрөбүз жана инспекцияны дагы бир нече күнгө улантабыз. Бул турган чындык.
Иран өткөн жумада, МАГАТЭнин инспекторлору өлкөнүн ядролук жардырууларын текшерүүсүнө эч кандай тоскоолдук жасабайт деп билдирген.
Ирандын өзөктүк маселеси МАГАТЭнин 20-ноябрда Венада болчу жыйынында каралат.

XS
SM
MD
LG