Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

АКШнын Конгресси президент Буштун сунушун жактырды


АКШнын Конгрессинин өкүлдөр палатасы, Ирак менен Ооганстандагы аскердик операцияга жана өлкөнү калыбына келтирүү иштерине 87,5 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.
Президент Жорж Буш тарабынан сунуш кылынган бул мыйзам долбоорду жакын арада Сенат тарабынан колдоого алынышы күтүлүүдө.
Документтерге ылайык, 65 миллиард доллардан көбү Иракка, аз бөлүгү Ооганстандагы аскерий муктаждыктарга, 18 миллиард доллары Иракты калыбына келтирүү иштерине жумшалат.

XS
SM
MD
LG