Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

КЫРГЫЗСТАНГА ЕККУнун БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА ӨКҮЛҮ КЕЛДИ


Чолпон Орозобекова, Бишкек ЕККУнун төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисаари жума күнү Кыргызстанга учуп келди. Бул сапарынын алгачкы күнүндө Ахтисаари мырза ЕККУнун Кыргызстанда иштеп аткан долбоорлорунун иши менен таанышты. Ишембиде ал президент Аскар Акаев менен жана атуулдук коомдун өкүлдөрү менен жолугушууну көздөп жатат.

Борбор Азия мамлекеттери ЕККУнун курамындагы мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинде, 1992-жылы Прагада ЕККУга мүчө болушкан. Буга ылайык Кыргызстан ЕККУнун негизги документтери болгон Хельсинки актысына жана Европа коопсуздугу боюнча Париж хартиясына кошулду. Көпчүлүк байкоочулардын баамында, ЕККУга мүчө болуу Кыргызстандын Европага караган терезесин кеңейтип, Батыш мамлекеттери менен бир деңгээлде сүйлөшүүгө шарт түзөт. ЕККУнун кеңсеси атуулдук согуш башталганда алгач Тажикистанда ачылган. Андан кийин Ташкенде, Бишкекте болсо 1998-жылы гана ачылды. Азыр ЕККУ Кыргызстанда бир нече чоң долбоорлордун үстүндө иштөөдө. “Укук коргоо органдарын колдоо жана реформалоо” долбоору боюнча 3 млн. 600 миң еврону жумшаганы турат. Былтыр Бишкекте ЕККУнун академиясы ачылды. Майлысуудагы уу калдыктары көмүлгөн жайды оңдоо боюнча долбоор турмушка ашырыла баштады. ЕККУ менен Кыргызстандын кызматташтыгы соңку үч жылда айрыкча жанданды десек болот. Бул абройлуу эл аралык уюмдун адам укуктарынын сакталышы, атуулдук коомдун өнүгүшүнө көз салуу сыңары мүдөөлөрүнүн жүзөгө ашышы боюнча кыргыз журтчулугунда ар кыл пикирлер бар. Айрым эксперттер «ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси атуулдук коомдон жана оппозициядан алыстап кетти» дегендей ойлорду айтышууда. Адам укуктары боюнча институттун директору Топчубек Тургуналиевдин ою ушундай:

- ЕККУнун Бишкектеги борборун башкарып турган Айдын Идилдин өзүнө да айткам. «ЕККУнун кеңсесин «Ак Үйдүн» филиалы кылып салдың» дегем. Айдын Идил келгени алар президент А. Акаевдин идеяларын турмушка ашырып, ал эмне десе ошону жасап калышкан. Айдын Идил кызматтан кетти. Эми кийинки жетекчиси кыргыз бийлигинин мүнөзүн түшүнүп, саясий кырдаалга туура баа берип, мамлекет жана эл үчүн туура иштерди жасайт го деген үмүтүм бар.

Бул ойго «Республика» партиясынын төрагасы Гияз Токомбаев да кошулат. Анын айтымында, соңку эки жылда кеңсени башкарган Айдын Идил Кыргызстандагы адам укуктарын бузган же сөз эркиндигин чектеген окуяларга көз жуумп, тетирисинче эл аралык коомчулук алдында Кыргызстандын жасалма кейпин түзгөнгө аракет кылып атты. Токомбаевдин оюнда, ЕККУнун эн алгачкы өкүлү Ежи Венцлав тигил же бул жээкке тартпай, реалдуу иш жүргүзгөн. Бирок бул ойго ошол эле атуулдук коомдун оппозициячыл маанайдагы айрым өкүлдөрү каршы. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын башчысы Эдил Байсалов ЕККУнун Кыргызстандагы ишин жогору баалайт.

- Биз үчүн абдан өкүнүчтүү нерсе - Кыргызстандын саясатчылары, бийлиги жана атуулдук коом өкүлдөрү бири-бирибизди укпай, чакырса келбей, жүз карашпай калган учурлар болот. Ошондо да бир үстөлгө маңдай-тескей отургузуп, диалогго чакырган ЕККУ болуп атпайбы! ЕККУ «акүйчүл» болуп кетти деген пикирге кошула албайм. Колдон келген аракетин кылып атат.

ЕККУнун Орто Азия боюнча координатору, былтыр май айында келип кеткен Марти Ахтисаари жума күнү учуп келди. Үч күндүк бул сапарындагы негизги максаты - Кыргызстандагы чоң-чоң долбоорлордун кандайча ишке ашып атканы менен жакындан таанышып чыгуу. Ал жума күнү ЕККУнун академиясында болуп, бул долбоордун координатору Анара Насырова менен жолукту. Андан кийин «Укук коргоо органдарын колдоо жана реформалоо» долбоорун жетектеп турган Жуслин Лакур айым менен пикир алышты. Ишембиде атуулдук коомдун өкүлдөрү менен бетме-бет ой алмашкандан кийин ал президент Аскар Акаев менен жолугат. Марти Ахтисаари мырза 2-ноябрда кечкурун Алматыга жол тартмакчы.

XS
SM
MD
LG