Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:30

ДҮЙНӨ ГЛОБАЛДАШЫП БАРАТАТ, УЛУТ АДАБИЯТЫ КАНТЭЭР ЭКЕН?


Бекташ Шамшиев, Фатима Абдалова, Алтынбек Исмаилов, Бишкек Евразия интеллектуалдарынын кезектеги диалогу глобалдашуу мезгилиндеги улуттук маданияттардын абалын аңдоого арналды. Ушул ыңгайда жаңы шартка туш келген кыргыз адабиятынын проблемалары жайында кеп кылуунун оролу келип туру. Жамы дүйнө бир түстүүлүккө акырындап ооп бараткан кезеңде саны чакталуу калктардын адабияты, маданияты кантет? “Азаттыктын” “Коом жана турмуш” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы мына ушул уңгулуу маселеге арналды.

Бекташ Шамшиев:
- Улуттук адабиятыбыздын азыркы абалы кандай экени көпчүлүккө дайын: күргүштөп чыгып турчу китептердин саны азайып, кыргыз жазуучулары ишенген “Алатоо”, “Литературный Киргизстан” журналдары, “Кыргызстан маданияты” гезити экен-токондо бир чыкчу болгон. Кыргыз жазуучуларынын чыгармачылык биримдиги ичара бөлүнүп, адабият коомдук камкордукка алынбай калган. Жаңы заман көркөм адабияттын бары-жогу менен иши жок, адабий цензураны түп-тамырынан жоюп, жазуучуларды эркине койгон. Анткен менен андай эркиндик кыргыз сындуу аз калктын адабияты үчүн оголе оор сыноо экенин соңку жылдардын тажрыйбасы кашкайта көрсөтпөдүбү. Кыргыз адабиятынын тарыхы менен теориясын кыйла жылдардан бери иликтеп келаткан профессор Салижан Жигитовдун оюн угуп көрөлү:

- Адабияттын өнүгүшү - ошол элдин өнүгүшүнө, жазма тилинин чыгышына жараша, анан элдин китеп сатып алганга мүдөөсү, китепке кызыгуусуна жараша. Бир элдин 2% көркөм адабий китептерди окуса, окууга муктаждыгы болсо, ошол адабият өнүгүп кете берет. Кыргызды алсак, 3 миллион эл экен, анын 2% санап көрсөң 60 миң киши. Анын 10 миңи эле окуп турса, ошончо китеп чыгып сатылып турса, китеп өзүн-өзү актап, адабият өнүгүп кете берет эле. Анан эми үмүт үзгөнгө да болбойт. Китеп чыгып атат, мурункудай эле чыгууда. Бирок мунун баары кодура жазуучулар. Өзүнөн-өзү эле чыгып атат. Ал эми профессионал адабият мурунку күүсү менен кетип атат анча-мынча. Адабий процесс өлүп калган жок. Бирок ал солгундап, начарлап калды. Анан эми эл көбөйсө, байыса, интеллигенциясы азыркыдай өчөйүп жүдөмүш болбосо, түзүгүрөөк интеллигенция чыкса, адабият эки түрдүү өнүгүшү мүмкүн. Биринчиси - массалык адабият. Бул - эл окуй турган детектив, кызыктуу окуялуу, элдин табитин буза турган адабият. Экинчиси - элиталык адабият чыгышы мүмкүн. Аларды ким жаратат? Бир бай болсо, ошол окуп, антип-минтип чыгарма жаратышы мүмкүн. Экинчи бир жолу - гезиттердин нускасы көбөйүп, ошолор сандан-санга романдарды жарыяласа, ошондон да жазуучуларга стимул болушу мүмкүн. Калем акысын төлөмөйүн эч ким жазбайт экен. Анан да азыркы буржуазиялык багыт алган мамлекеттерге адабияттын кереги жок. Аларга телекөрсөтүү, электрондук маалымат алса жетиштүү. Эгер мамлекет басмага жардам берейин десе, аны халтурщиктер ээлеп кетет. Чыныгы жазуучулар келбейт. Аны бербей койгон эле жакшы. Илгери деле ошондой болгон. Демократиянын бир жакшы жери - эми колунан келгендин баары китеп чыгара берет. Бирок ал корко турган процесс эмес. Себеби, алар 300-500 нуска чыгарып, тааныштарына эле берип атпайбы.
Элдин алдында карыздарбыз. “Мына ушу тилди өнүктүрөбүз” деп, баарын көчүрүп өткөнгө болбойт, илимдин бир топ тармактары боюнча китептерди жазып берсек жакшы болмок. Адабий жазма тил чыкса, ошондон бирдеме чыгышы мүмкүн. Анан эми “өкмөттөн жардам болсун” деп, “адабияты жок улут өлүп калат” деп жерди сабай бергиле, ура бергиле! А бирок адабияты жок улут өлбөйт. Башка тилди билсе, ошол тилдин адабиятын окуй бербейби! Бизде эми “сокур тоокко баары бийдай” деп, биздин адабиятчылар адабияттын жаман-жакшысын ажырата албайт. Биздин филологдордун алдындагы милдет - адабиятта кимдер калат, кандай кызылын иргеп алуу керек - ошону таап чыгарып, анан аларды өрнөктүү деп окутуш керек. Азыр болсо бизде андай проблема жок. Биздин адабиятчылар кайсы чыгарма жакшы, кайсы чыгарма жаман экенин ажырата алышпайт. Баарын мурдагыдай окутуп атат.


Адабият менен философиянын карым-катышын иликтеп келаткан адабиятчы Калык Ибраимов “кыргыз адабияты мындан ары эки багытта өнүгүшү мүмкүн” деген пикирде.

- Азыр кыргыз адабияты, менин жеке пикиримде, эки багытта өнүгүп атат деп ойлойм. Биринчи инерция боюнча, бая Совет заманында калыптанган жазуучулар чөйрөсү бар. Ошолор чыгарма жазып, китеп чыгарып, ошонун аркасы менен нан таап жеп келишкен. Башка иш колунан келбейт, ошого көнүп калышкан, - дейт Калык мырза. - Көбү жазбай деле калышты. Айрымдары демөөрчү таап, мурунку жазгандарын чыгарышууда. Мына, капитализм заманы келди. “Социалдык система катары ал рухий турмушка карама-каршы. Анын айныксыз кас-жоосу” деп К.Маркс айткан. Анын тезисин эч ким төгүндөй албайт. Реалдуу турмуш да ошону көрсөтүп атат. Сенин жазган чыгармаң да - товар, ошол өтсө, бирөөлөр сатып алып окуса, ошондо гана баасы аныкталат. Эгер андай болбосо, анда адабияттын эч кимге кереги жок. Азыр эми ушундай болуп атпайбы. Анан да кийинки кездери айрым жазмакерлер чыгып, адамдын ышкы-делебесиндеги, жан-тениндеги пас инстинкттерге ылайыкталган чыгармаларды жаратышууда. Ошол эле Совет доорунда деле партияга, идеологияга кызмат кылып кетпеген жазуучулар бар эле. Ошондо деле чыныгы чыгармалар жаралып турган. Ал кезде ички сезими, абийири ак кишилер болгон. Алар адабиятка ак кызмат кылышкан. Улуттар жоюлуп кеткиче улут адабияттары болот. Улуттар жашап турганда сөзсүз анын адабияты болот. Адабият - улуттун, этностун, элдин жанын, дилин көрсөткөн өзүнчө феномен. Базар экономикасынын шартында ким акчасы болсо, каалаган китебин жазып, каалаган жерден чыгара берет. Аны караган, текшерген киши жок. Баары стихиялуу кетип атат. Башаламандык өкүм сүргөн жерде тил жагынан да башаламандык жүрөт. Адабий сын деген таптакыр жоголду. Сынчылар башка чөйрөлөрдө кызмат кылып жүрөбүз. Адабий сын болушу үчүн адабий процесс керек. Анын жакшы-жаманын иргеп, окурмандарга түшүндүрүп берчү сын ошондо чыгат. Азыр бизде анын экөө тең жок болуп атпайбы. Келечеги кандай болот, ага көзүм жетпейт.

Эми кыргыз поэзиясынын проблемалары жайындагы кепти акын кесиптешим Фатима Абдалова улантмакчы.

Фатима Абдалова:
- Эң алды элдин, улуттун кандайлыгы, ким экендиги – ошол элдин көркөм дөөлөттөрүнө, маданиятына карата таразаланат эмеспи. Ошол көркөм көрөңгөлөр элдин рухий жүзүн, рухий байлыгын көргөзүп турган, күзгүдөй. Эгемен жылдар ичиндеги мамлекеттик, коомдук өзгөрүүлөр чыгармачыл чөйрөгө, чыгармачыл инсандарга ар кандай шартта өз таасирин тийгизбей койгон жок. Андыктан бүгүнкү кыргыз поэзиясынын ал-абалы жөнүндө жеке пикирлерин угуу максатында белгилүү кыргыз акындарына кайрылдык. Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси, акын Анатай Өмүрканов бүгүнкү кыргыз поэзиясы тууралуу мындай деди:

- Акыркы 10-15 жылда мен поэзия деп эсептээрлик бир да жыйнак окуганым жок. Себеби, ыр чыгарып жаткандар көп, жыйнак чыгарып жаткандар көп, бирок кечээги эле бухгалтерлер, соодагерлер жайнатып китеп чыгарып жатышат. Бирок алар поэзия деген ыйык атка таптакыр туура келбейт. Көпчүлүк ыр жазгандар, айрыкча пенсияда отургандар, муну бир оюнчук кылып алышты. Эгерде чын сөздү тайманбай айтсам, колумду жүрөгүмө коюп, бүгүнкү күндө мени тамшандырган поэзияны көрө элекмин. Кыргызстанда 50гө жакын университет ачылса дагы, котормочулук боюнча бир да факультет жок. Мунун өзүн маданиятты, адабиятты атайылап муунткандык деп түшүнөм.

Кыргызстан жазуучулар биримдигинин төрагасынын орун басары, акын Маркабай Ааматовдун бүгүнкү кыргыз поэзиясы боюнча пикири мындай:

- Басмалардан мурдагыдай өкмөт каржылаган китептер чыкпай калды. Капитализмдин өзүнүн заң-мыйзамдары болот экен. Ар бир автор өзү каражат табууга милдеттүү. Азыркы кездеги поэзия тууралуу ак-кара деп айткыдай сынчылар да жок болуп атат. Менимче ушул эгемен жылдар ичиндеги кыргыз поэзиясы тууралуу айтчу сындын чыгышына да мезгил келип жетти. Поэзиябыздын очогунун оту өчкөн жок. Жазуучуларыбыз изденип иштеп жатат. Ырас, кыргыз поэзиясынын баштагы агымы ушу тапта кыйла тартылып калган кези. Анткен менен поэзиябыздын көчүн улантчу таланттар да жок эмес.

Бекташ Шамшиев:
- Ырахмат, Фатима. Улут адабиятынын жүгүн көтөрүүгө ынтызар жаш таланттар тууралуу дагы бир акын кесиптешим Алтынбек Исмаилов айтып берсе.

Алтынбек Исмаилов:
- Рахмат. Чындыгында улуттук адабияттын керегесин керип, түндүгүн көтөрүүгө далалаттанган жаштардан уучубуз кур эмес. Андыктан, адабияттын учурдагы ал-абалы менен жаштардын ага болгон мамилесин алардын өздөрүнөн уксак. Бүгүнкү кыргыз адабиятынын ал-абалы жөнүндө кандай ойдосуңар? Канымгүл, сөз сизде.

Канымгүл Элкеева:
- Учурда кыргыз адабияты жалпы караганда кризиске учурап турат. Материалдык жактан дагы, жан-дүйнөнүн кедейлиги жагынан дагы. Мурдагы Совет убагындагы адабиятыбызга караганда азыр начар абалда деп айтсак болот.

- Кубаныч, сиздин пикириңиз?

Кубаныч Саидинов:
- Бүгүнкү адабиятыбыз дагы, жазмакерлерибиз дагы өтө төмөнкү абалда. Анткени, проза жанры өтө эле чөгүп кеткен. Поэзия жанры алдыга кеткени менен, өтө сапатсыз.

- Ал эми азыркы жаштардын адабиятка болгон мамилеси кандай?

Жазгүл Ибраева:
- Жаштардын адабиятка болгон мамилеси анча деле жогорку деңгээлге жеталган эмес. Жаштар көбүнчө кыргыздын илгерки адабиятына кайрылышпайт. Биз азыркы учурдагы заманбап чыгармаларды окуйбуз.

Эрлан Жумагазиев:
- Азыркы учурдагы жаштардын адабиятка болгон мамилеси өтө начар деп айтаар элем. Себеби, көпчүлүгү адабиятты окубайт.

- Чыгармачылык менен алпурушуп аткан жаштарга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлөбү?

Канымгүл:
- Менимче, жок. Себеби, канчалаган таланттуу жаштар бар, бирок ошолор каражаты жок, китебин чыгара алышпайт. Жаштайынан өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлсө, алардын чыгармачылыгы да жогорку деңгээлге жетмек да.

- Анда кантип өздөрүнүн китептерин чыгарып жатышат?

Эрлан:
- Эми ар ким өзүнүн каражатына жараша, айрымдары демөөрчү таап чыгарып атышат.

- Жалпы жонунан алып караганда, адабиятыбыз азыр алдыга карай кетип атабы же кетенчиктеп баратабы?

Жазгүл:
- Менин оюмча, алдыга деле жылган жок. Себеби, азыркы учурда жалаң гана башка жактын цивилизациясын окуп жатабыз. Ошондуктан алдыга өнүккөн жок деп ойлойм.

Эрлан:
- Композиция, курулуш, түзүлүш жагынан өтө төмөнкү деңгээлде, артка кетип атат деп айтаар элем. Эч качан алдыга кете албайт.

Кубаныч:
- Мен булардын айтканына таптакыр кошулбайт элем. Анткени, жетимиш жылдык Совет доорунда ачылбай келген кыргыздын көптөгөн эски мурастары бүгүнкү күндө ачылып олтурат. Бүгүнкү күндө адабиятыбыз көп жагынан байып атат. Анткени бүгүн ошол эле жаш муундардан өзүнчө бир жакшы топ бар. Адабиятыбызды эркин алып кете алабыз. Мурунку Совет доорундагыдай ага-буга көз каранды болуп, өзүбүздү-өзүбүз жерий албайбыз.

- Учурдагы адабиятты жаштардын жан-дүйнөсүн тарбиялоочу курал катары колдонсок болобу?

Кубаныч:
- Жаштардын жан-дүйнөсүн тарбиялоого болот. Көптөгөн чакан поэмалар чыгып атат. Булар менен албетте, балдарды тарбиялык мааниге тартабыз. Ошол эле детектив, мистика менен балдарды эч убакта тарта албайбыз.

Бекташ Шамшиев:
- Ырахмат, Алтынбек. Доорубуздун таланттуу сөз чебери Чыңгыз Айтматовдун “дүйнөдө кыргыз жашап турганда кылымдарды карытып келген “Манас” эпосу жок болбойт” деген таамай сөзү бар. Аны улай “экинчи кылымга бараткан кыргыз профессионал адабияты улутташ окурмандары турганда жоюлуп кетиши кыйын” деп, бүгүнкү түрмөктү жыйынтыктоону эп көрүп турам.
XS
SM
MD
LG