Чехиянын президенти Вацлав Клаус Орусияга кызмат сапары менен келип, бүгүн Маскөөдө президент Владимир Путин менен жолукту. Мурдагы эки президент Вацлав Гавел менен Борис Ельцин 1993-жылдын августунда жолуккандан бери, эки мамлекеттин жетекчилери он жыл ичинде жолугуп-сүйлөшө элек болчу. Май айында Клаус Санкт-Петербургдун 300 жылдык мааракесине катышкан, бирок анда Путин менен жолуккан эмес.