Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

АКШ Европаны - Ооганстандагы иштерине кеңирирээк катышууга чакырды


АКШ президентинин басма сөз катчысы Скотт Маклелландын айтымында, кечээ күнү кечинде президент Жорж Буш Италия премьер-министри Силвио Берлускониге телефон чалып, Ооганстандагы абалды калыбына келтирүү иштерине европалык өлкөлөр кеңирирээк катышса жакшы болоор эле деп билдирди. "Ооганстанга каржылык жардам көрсөтүү боюнча жакында сүйлөшүүлөр болот жана президент Берлускониден - европалык өлкөлөр Ооганстанга көбүрөөк жардам көрсөтсө жакшы болоор эле деп сурады. Андан тышкары, президент италиялык премьерге - Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине Италия көмөктөшүп жатканы үчүн алкыш айтты". Италия азыр Европа Биримдигине төрагалык кылууда. 2002-жылы эл аралык коомчулук Ооганстанга келерки 5 жылда төрт жарым миллиард доллар жардам убада кылган, бирок эксперттердин пикиринде, бул каражат жетишсиз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG