Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Ирактын кошуна мамлекеттеринин өкүлдөрү Сирияда чогулуп, маселени талкуулоодо


Ирактын кошуна мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери бүгүн Сириянын борбору Дамаск шаарында чогулуп, аймактагы абалды талкуулоого киришти. Эки күнгө улана тырган жыйынга Иран, Йордания, Кувейт, Сауд Арабия, Сирия жана Түркиянын өкүлдөрү катышууда, ага Ирактын убактылуу өкмөтүндө тышкы иштер министри болуп иштеген Хошьяр Зебари менен Мисирдин тышкы иштер министри да чакырылган. Министрлер - Ирактагы жагдай чөлкөмдөгү жалпы абалга кандай таасир тийгизип жатканын талкуулайт, Ирактын ички иштерине болсо кийлигишпейт.

XS
SM
MD
LG