Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Ирактагы кеңири кыруучу курал боюнча маалыматты АКШ өкмөтү Сенатка бере элек


АКШ сенатору Пэт Робертс атайын билдирүү жасап, Ирактын кеңири кыргын салуучу куралдары боюнча суралган документтерди өкмөт Сенатка өз убагында берген жок деп жарыялады. Мамлекеттик катчылык менен Борбордук чалгындоо башкармалыгы ал кагаздарды Сентаттын Чалгындоо маселелери боюнча комитетине 31-октябрга чейин берүүгө тийиш болчу. Президент Жорж Буштун басма сөз катчысы Скот Маклелландын айтымында, Сенаттын ал комитетинин талаптарын аткарууга өкмөт милдеттүү эмес, бирок аны менен сөзсүз кызматташат. Сенатордун айтымында болсо, бул маселе боюнча тергөө жүргүзүү канчалык маанилүү экенин өкмөт түшүнүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG