Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

КЫРГЫЗ ТИЛИ, ДАРЫЛОО АКЫСЫ, БАСМА ҮЙҮ, МИЛИЦИЯ КҮНҮ


Феликс Кулов Европа парламентине кат жазды. Чыңгыз Айтматов интеллектуалдар жыйынында кош тилдүүлүк маселесин көтөрдү. Кыргыз милициясы кесиптик күнүн белгиледи. Кыргыз басылмаларында мындан тышкары медициналык дарылоо акысы, Бишкекте башталчу «кылым курулушу» жана эларалык басма үйүнүн айланасындагы айың кептер сыяктуу темалар козголду.

Өткөн аптада эларалык басма үйүнө керектүү жабдуулар орнотула баштаганын «МСН»гезити кабарлады. Жаңы басма үйүнүн ачылышы жакындаган сайын күбүр-шыбыр кептер көбөйүп, АКШ Кыргызстандын маалымат мейкиндигин ээлеп, республиканын маалымат коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин айта баштагандарга Рина Приживойт ушул эле гезиттеги «Сэм байке силер жамандагандай бокочо эмес» деген макаласы аркылуу жооп берди. «Эларалык басма үйүнүн ачылышы жакындаганда Бишкекте айласыз алакан жайгандар чыкты, - деп жазат макала автору. – Жаамы кыргыздын «жандай күйөө баласынын» колун караган гезит «Сэм байкенин станогу» деген аталышта макала жарыялап, анда жаңы басмадан жабыркай тургандар көп болорун, жеке менчик басмалар менен гезиттерге кыйын болорун кыйытып өттү. Мунун баары учурма кептер, бул өзү сөз эркиндигине аянбай чабуул коюуга эмитен даярдык көрүүнүн аракети».

Гезиттин жаңы санында жарыяланган макаласында Геннадий Кузьмин Бишкекте башталчу «кылым курулушу» тууралуу кеп кылат. Бийлик төбөлдөрү менен капчыктуулардын өзгөчө шаан-шөкөттүү 217 гектир жерди ээлеген республикалык административдик маданий-ишкер борборун курууга 126 млн. сом сарпталмакчы. «Бирок мынча акча 100 квартирлүү үйдүн курулушуна гана жетет», деп белгилейт макала автору.

«Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов Европа парламентине кат жазды. Анда кыргыз бийлиги сын айткандарды кысымга алып жатканы айтылат. Ф.Куловдун каты «МСН» гезитине жарыяланган.

«Кыргыз туусу» гезитинин жаңы санында милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Айнура Ибраимованын окурмандар менен «түз байланышы» жарыяланды. Анын айтымында, азыркы тапта Ош облусунан тышкары бардык саламаттык сактоо мекемелери каржылоонун жаңы системасына өткөн. Өкмөт токтомуна ылайык бейтаптар медициналык акынын 50% гана төлөөгө тийиш.

Глобалдашуу жана улуттук маданияттардын азыркы абалына арналган Евразия интеллектуалдарынын жыйыны кандай өткөнү 31-октябрдагы «Заман Кыргызстан» гезитинде маалымдалды. Евразия диалогу платформасы буга чейин 5 ирет жыйынын өткөрдү, «ДА» журналынын 11 санын чыгарды, интеллектуал ойчулдардын башын кошуп, жалпы адамзат көйгөйлөрүн ортого салып, проблеманы жеңилдетүүнүн жолун издеп келатат.

Кыргыз милициясынын күнүнө карата апта соңундагы «Эркинтоо» гезити Кыргызстандын Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков менен болгон маегин жарыялады. Министрдин айтымында, 1999-2003-жылдары ички иштер органдары 7,5 миңге жакын адамга кыскарып, бүгүнкү күндө 7,7 миң кызматкер калган. Алардын ичинен түздөн-түз кылмыштын бетин ачып, аларга каршы күрөшчүлөрдүн саны 3 миңдей гана адам. Бир тергөөчү бир жылда 30га жакын ишти бүтүрүүгө тийиш болсо, азыр алар 70ге жакын ишти тергешке мажбур.

Бишкектин кылмыш иликтөө тобу Бириккен Араб Эмираттарына денесин сатууга кыздарды жөнөтүп келген кылмыштуу топтун бетин ачканын жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. «Кыздарды чет өлкөгө жөнөтүүнүн каналы кынтыксыз иштегени таңдандырат,- деп маалымдайт макаланын автору Юрий Кузьминых. - Кыздарга башка ысымдагы паспорт даярдап, таанылбай калыш үчүн жана өңүн серт көрсөтүү максатында жумуртканын агын бетине шыбап коюшат. Эмираттан аларды атайын кишилер тосуп алып, белгилүү жерлерге жеткирип, жолго кеткен ыгым-чыгымдын ордун толтуруш үчүн пайдалана башташат. Ыгым-чыгымдын баасы 7 миңге жакын долларды түзөт».

Жума күнкү «Бишкек таймс» гезити «Арман тил» деген аталышта тил такта уюштурганын жарыя кылды. Басылманын жазганына карганда, кыргыз тилинде ириде кыргыз атуулдары сүйлөп турушу керек. Мындан ары гезит өз эне тилин билбеген жетекчилердин жана кыргыз тилинде мыкты сүйлөгөн орустардын тизмесин жарыялап турмакчы.

«Демократ» гезити 31-октябрдагы санында белгилүү коомдук ишмер Александр Яковлевдин «Күүгүмдө» деген китебинен үзүндү жарыялады. Анда коммунизмдин кыйрашы, репрессия, марксизм-ленинизм теорияларынын жөн-жайы тууралуу кеп болот.
XS
SM
MD
LG