Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

АКШдан виза алуу үчүн программа жарыяланды


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик департаменти чет өлкөлүк жарандардын виза алуусуна көмөктөшүүчү программаны баштагандыгын жарыялады. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, быйылкы жылдан тартып программага катышуунун жаңы тартиби киргизилди. Буга чейин АКШнын атуулу болуп калууну каалагандар атайын баракчаны почто аркылуу жөнөтүшсө, эми толтурулган ал баракчаны интернет аркылуу эле жиберүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Программанын алкагында жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 50 миңдей адамга АКШда туруктуу жашоого укук берилет. Программага катышуу үчүн документтер 1-ноябрдан 30-декабрга чейин кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG