БИШКЕК. 11-ноябрда Бишкекке Эларалык валюта корунун (ЭВК) директор-бөлүштүрүүчүсү Хорс Келер эки күндүк иш сапары менен келери күтүлүүдө. Ал Кыргызстанга ЭВКнын кайра түзүлгөн Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия департаментинин жаңы директору Мосхин Ханды тааныштырат. ЭВК жакында мурдагы советтик республикалар менен иштешип келген Экинчи Европалык департаментти жойгон. Эми мурдагы советтик өлкөлөрдүн жарымы менен Бирдиктүү Европа департаменти иштешет. Ал эми Азербайжан, Грузия, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен Жакынкы Чыгыш департаменти кызматташа турган болду. Мындай кайра түзүү Европа Биримдигинин кеңейип жатышына байланыштуу. Бул тууралуу ишемби күнү Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ЭВК миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен билдирди.