Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

ЕККнун Борбор Азия боюнча өкүлүн президент Аскар Акаев кабыл алды


БИШКЕК. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Актисаарини ишемби күнү Кыргызстандын президенти Аскар Акаев кабыл алды. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болду. Мамлекет башчысы өз сөзүндө «Кыргызстан ЕККУ менен кызматташуу боюнча Борбор Азиядагы бирден бир өрнөктүү мамлекет» деген пикирин билдирди. Президенттин айтымында, Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын жемиши катары ЕККУнун Бишкекте ачылган Академиясын жана Ички иштер органдарын колдоо боюнча долбоорун атоого болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG